МУГАЛИМ УУЛУМА НАСААТ

  • 05.02.2020
  • 0

                     (эссе)

Эӊ жоопкерчиликтүү кесип

 

МУГАЛИМ УУЛУМА НАСААТ

Уулум, чоӊ атаӊдын, атаӊдын жолун жолдоп, ата кесибин улап, сенин мугалим болуп иштей баштаганыӊа мен өзгөчө кубанычтамын. Мугалимдик кесип экономикалык жана саясый көз караштан караганда жөнөкөй, жупуну көрүнгөнү менен социалдык, рухий жагынан дүйнөдөгү эӊ баалуу кесиптердин бири болуп эсептелет.

Өзүң билгендей, эң бир атактуу  ишкерлер, даӊкы таш жарган таланттуу акын, жазуучулар, ааламдын сырларын аӊтарган аалымдар бала  кезинде мектепте окуп, мугалимден таалим-тарбия алышкан. Мугалимдин жумушу — абдан жоопкерчиликтүү.  Анткени баланын жан дүйнөсүнүн өнүгүшүндө, анын инсан болуп калыптанышында мугалимдин таасири чоӊ. Жалкоо мугалим канчалаган окуучулардын жан дүйнөсүн бүлдүрүп, коомубуздагы чала сабат, түркөй, ач көз, митаам, кытмыр, мансапкор, дүйнөкор, өзүмчүл адамдардын санын көбөйтүшү мүмкүн. Андайлардан кудай сактасын! Менин сенден ата катары өтүнөрүм: өз кесибиӊди жоопкерчилик менен аркалап, балдарга аяр мамиле жасап көн. Алар жандуу гүлдөрдөй экенин унутпа. Мен эми сага тарбия, таалим бере албайм. Сен менден тарбия, таалим алуучу курактан өтүп кеттиӊ. Эми элдин балдарын окутуп, аларга билим-тарбия берип, элге кызмат кылышыӊ керек. Экөөбүз эми ата-бала эмес, кесиптеш болуп калдык. Мыкты кесипкөй болуш үчүн, көп окуп, көп изденип, ишти мыкты билген адамдар менен көбүрөөк баарлаш.

Алгачкы  сабак

Мектеп босогосун алгачкы жолу аттаганыӊ эсиӊдедир… Менин да биринчи жолу өткөн сабагым күнү бүгүнкүдөй эсимде. Анда Кыргыз Мамлекеттик Университетинин тарых факультетинин 4-курсунда окучумун. Жазга маал бизди борбор шаардагы №1 кыздар жатак-мектебине педагогокалык практикага алып барышты. Мага 10-класска Коом таануу сабагын өтүү  бактысы туш келди.

Календарлык планды карасам «Таанууну тануу» деген тема экен. Сабак өтүүгө алымдын жетишинче  даярдандым. Класска кирсем, жалаң кыздар олтурат. Бир аз апкаарый түштүм. Бөлмөгө киргенимди  эч ким байкаган да жок. Ар ким өз иши менен алек. Бирок бардыгы мени астыртан сынап жатышкандыгын сездим. Унчукпай класстык журналды столдун үстүнө коюп, доскага гүлдүн сүрөтүн тарта баштадым. Өзүм да гүлдү жакшы тартчумун. Класста кандайдыр бир жандануу пайда болуп, кыздардын  назик күлкүсү  угула баштады. Кепке тарткысы келдиби, айтор акыры кыздардын бирөөсү — Агай бул эмне? — деп үн катты. Мен кылчайбастан ишимди улантып: — Эмне экен? — деп суроого суроо менен кайрылдым. — Гүл го! — деп күлкүсүн тыя албай бырс күлдү. — Ооба, кайсы гүл экен? — дедим. – Роза! — деди баягы кыз. — Эмесе бүгүн биз силер менен “Гүл” деген темада сабак өтөбүз, — деп окуучуларды карасам, араӊ турушканбы же коом таануу сабагына гүлдүн эмне тиешеси бар? деп ойлоштубу,  баары “дуу” күлүштү. Мен: — Топуракка гүлдүн уругун сепсек, эмне өнүп чыгат? — деп суроо узаттым.

— Гүл

— Шыр эле гүл өнүп чыгабы?

— Жок. Адегенде сабагы өнүп чыгат,  анан жалбырак байлайт, гүл ачат — дешти.

— Гүлдүн уругунан буудай өнүп чыгышы мүмкүнбү?

— Жок. Гүлдүн уругунан гүл гана өнүп чыгат! – дешти.

Окуучулардын жандана түшкөнүн байкадым. Уруктан анын сабагы, жалбырактары, гүлү өнүп чыга турганын айтып, аны коомдун өнүгүүсү менен салыштырып, таанууну тануу, сандан сапатка өтүү экенин, “Диалектика – өнүгүү  жөнүндөгү  илим” экенин айтып, сабакты жыйынтыктадым.

Сабакты бышыктоого окуучулар абдан жигээрдүү катышты. Ошондон баштап менде: “Мен мугалим боло алат турбаймынбы!” деген ишеним пайда болду.

Андан бери отуз жети  жыл өттү. Мен бул кесипти тандап алганыма эч өкүнбөйм. Мугалимдик кесипти адам чын ниети, чын дили менен тандашы керек. Ошондо гана ал иштен майнап чыгат. Сенин бүгүнкү өткөн алгачкы сабагыӊ, сенин педагогикалык кесипке шилтеген алгачкы кадамыӊ, сенин келечегиӊ экенин унутпа!

Жаш мугалимдин келиши мектеп үчүн чоң жаңылык

Сен үчүн жашоонун жаӊы барактары ачылды. Педагогдук кесип — ары түйшүктүү, ары кызыктуу кесип. Бул кесипке баш оту менен кирген адам айлардын, жылдардын кантип өткөнүн байкабай да калат. Бирок ар бир иштин башталышында, кыйынчылыктар болбой койбойт. Мектепте «жаш мугалим» жана «жаӊы мугалим» деген түшүнүк бар. Сен жаш да, жаӊы да мугалимсиӊ. Кааласаӊ каалабасаӊ да сага беш, алты айга чейин мектептеги мугалимдердин, окуучулардын, ошондой эле ата-энелердин сынынан өтүүгө туура келет. Алар сенин кандай экениӊди, бат эле баалап коюшат. Андыктан сен ар бир адамга аяр  мамиле жасай билишиӊ керек. Колуӊдан келсе, өзүӊдүн туура эмес кыял-жоруктарыӊды көрсөтө көрбө. Башкаларды эмес биринчи кезекте өзүӊдө сыйла. Башкаларды да өзүӊдөй сыйласаӊ, сени да алар  өзүндөй сыйлайт.

Жаӊы мугалимдин келиши мектеп үчүн чоң жаңылык. Бирок жаӊы мугалимди ар ким ар кандай кабыл алат. Кээ бирлери батыраак таанышууга аракет кылса, башкалары «Эмне бизден кыйын бекен!» дешип астыртан сынай карашат. Мен бир топ жыл иштеп калган мугалимдердин «Азыркы жаштар бизден кыйын» дешкенин көп угам. Айрым жерде «жаштар», «карылар» деп бөлүнүп алышат. Менимче, бул туура эмес. Карылар да бир кезде жаш болушкан. Жаштар да кези келсе, алардын ордун басат.  Табияттын мыйзамынан кайда качмак элек!

Бардык кызык окуу жылынын башында сабактардын жүктөмүн бөлүштүргөндө башталат. Мурда иштегендер ставкаларын толтуруп, тыӊ класстарды, тың окуучуларды тандап алышат.   Анткени ошол мектепте көп жылдардан бери иштеп келе жаткан айрым мугалимдер өздөрүн «патриций» сезишет. Жаш мугалим алар үчүн — «плебей». Алар “оордун үстүндө, жеӊилдин астында” жүргөндү жакшы көрүшөт. Бирдеке деп каяша айтсаӊ, кагуу жейсиӊ.  Директор, завучтар да аларга каршы чыгышпайт. Андайларды талашып-тартышып жеӊе албайсыӊ. Ата бабаларыбыздын «Жакшы атка жол жокпу, жандай салып өткөнгө» деген жакшы сөзү бар. Токтоо, сабырдуу, көтөрүмдүү, кечиримдүү болуп, өз ишиӊ менен өзүңдү көрсөтө алсаӊ гана аларды жеӊесиӊ. Элге жаккан, эл баалаган кишиге эч ким даай албайт. Ичи тардык, көрө албастык -түркөй адамдын иши!

Ийгилик ийгиликтерди жаратат

Окуучуӊдун физика сабагынан райондук олимпиадада экинчи орунга ээ болушу мени да кубандырды. Бул сенин алгачкы ийгилигиӊ. Окуучуӊ менен сенин бир нече айдан бери биргелешип иштеп жаткан ишиӊердин натыйжасы. Мугалим үчүн бул зор жетишкендик! Бирок чек эмес. Олимпиадага дагы далай окуучуларды даярдайсыӊ. Ийгилик ийгиликтерди жаратуусу керек. Ал үчүн мугалим талыкпай иштеп, тынбай изденип, көп окушу зарыл. Окуучуларды окутуп жатып, өзүӊ да окуп үйрөнөсүӊ. Жогорку окуу жайда алган билимиӊ турмушта бышыкталат, бекемделет, улам жаӊыланат, улам жакшырат. Жалган даӊкка, жасалма ийгиликке кызыкпа! Олимпиадада окуучуӊ биринчи, экинчи, үчүнчү орунга өз күчү менен ээ болсо, бул сен үчүн чоӊ ийгилик. Окуучуну олимпиадага айлап-жылдап даярдаш керек. Адатта айрым мугалимдер олимпиадага жакын калганда даярдай баштайт же бул жүктү класстагы эӊ мыкты окуучуну мойнуна артат. Мындай кылганда ийгиликтин жаралышы кыйын. Олимпиадага катышуучу окуучунун предметке болгон кызыгуусу, билим деӊгээли, үй шарты, ата-энесинин макулдугу  эске алынышы абзел.

“Олимпиадада  менин окуучум  мыкты болчу. Калыстар туура эмес баалап коюшту” деп нааразы болгон мугалимдерди көп көрдүм. Тарых сабагынан көп эле жолу калыстар тобуна төрагалык кылдым. Айрым мугалимдердин: “ Менин окуучума көз салып койсоңуз? Жок дегенде экинчи, үчүнчү орунга ээ болсо, жакшы болот эле. Орун албай калсак, директорубуз уршат” деген учурлары дагы болду.

Мугалимде эмне күнөө? Ал “Болгон дараметиӊ ушубу?” деп завуч, директордон сөз укпасам экен деп ойлойт. Ал эми райондун, областтын жетекчилери  “Олимпиадада орун алган жоксуӊ!”  деп директорлорду кууруп жейт. Бир окуучунун олимпиададагы жетишкендиги менен, мектептин бүт ишин баалоо менимче туура эмес. Олимпиада — бул кароо сынак эмес. Анда окуучунун жеке жөндөмү, окуучунун өз алдынча ынтызарлыгы негизги орунду ээлеп, мугалим анын устаты катары милдет аткарышы керек. Ийгиликке жетүү ар кимдин эле колунан келе бербейт. Кыскасы олимпиада жалпы мектептин эмес, окуучунун жана мугалимдин жеке иши. Ийгиликке жетпей калса, окуучуну же мугалимди кодулоо туура эмес. Ал эми окуучунун олимпиададагы жетишкендиги мугалимдин, мектептин, райондун, областтын сыймыгы экендигине каршы эмесмин. Бирок олимпиаданын жыйынтыгы менен бүтүндөй бир мектептин, райондун, областтын билим берүү жетишкендигин баалоого макул эмесмин.

Акчал Атагулов, Талас облустук чет тилдер лицей-комплексинин мугалими

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер