МУГАЛИМ УУЛУМА НАСААТ (ЭССЕ)

  • 23.03.2020
  • 0

Интерактивдүү сабак деген эмне?

Азыркы учурда окуучулардын таанып билүүчүлүк жөндөмдөрүн өнүктүрүү максатында мугалимдер интерактивдүү сабактарды өтүүгө өзгөчө көӊүл бура башташты.  Бул сабакта окуучу жуптарда, чакан топтордо, жалпы топто иштөө менен кандайдыр бир проблеманы талкуулоого катышып, аны чечүүнүн бир нече жолу бар экендигин түшүнө баштайт. Алдыга коюлган маселени биргелешип чечишет. Ар бири жеке пикирин айтуу укугу бар экендигин билишет. Өзүнө- өзү ишенүүсү пайда болуп, тартынчактык, уялчактык адаттардан кутулат.

Интерактивдүү сабакта окуучулардын жигердүүлүгү артып, кызматташтыгы күчөйт. Бири-бирин угуу, сыйлоо сапаттарына ээ болушат. Жаӊы маалыматтарды өздөштүрүү менен сынчыл ойломдору өнүгөт.

Салттуу сабакта байланыш бир багыттуу болуп, окуучулар мугалимди гана угушуп, айткандарын аткарышат жана мугалимге гана жооп беришет. Окуучулардын билимин мугалим өзү баалайт.

Ал эми интерактивдүү сабакта мугалим фасилитатор катары окуучуларды сабактын темасы, максаты, милдеттери менен тааныштырат. Берилген тапшырмаларды аткарууга багыт берет. Окуучуларды кызматташ болууга чакырат. Маалыматтарды талдоого, идеяларды тактоого жардам берет. Алардын жыйынтыгын кунт коюп угат. Окуучуларды  өзүн-өзү жана бирин-бири баалай билүүгө үйрөтөт.

Сабактын максаттары жана милдеттери

Кандай гана сабак болбосун, максатсыз өтүлүшү мүмкүн эмес. Мугалим сабак өтүүдөн мурда сабактын темасын жана өтүлүүчү сабактын мазмунун  карап чыгып, андан соӊ сабактын максаттарын, милдеттерин пландаштырат.

Максат — бул белгилүү бир багытта эмгектенүүдөн күтүлүүчү натыйжа. Ал эми сабактын максаты болсо, бул сабак учурунда мугалимдин жетекчилиги астында окуучулар менен мугалимдин жана окуучу менен окуучулардын биргелешкен иш аракетинин аркасында окуучу өздөштүрүүчү билимдердин, билгичтиктердин, көндүмдөрдүн натыйжасы болуп эсептелет.

Илимий-усулдук адабияттарда сабактын билим берүүчүлүк, өнүктүрүүчүлүк, тарбия берүүчүлүк максаттарына өзгөчө көӊүл бөлүнөт. Сабактын билим берүүчүлүк максатында окуучулар билимдерди, билгичтиктерди, көндүмдөрдү алышат. Өнүктүрүүчүлүк максатта таанып билүүчүлүк жөндөмдөрү, акыл-эси, эмоциясы өнүгөт. Тарбиялык максатта инсандык, ыймандык, адеп-ахлактык сапаттарга ээ болушат.

Сабактын максаттарын бири-биринен ажыратып кароо мүмкүн эмес. Алар бири-бири менен тыгыз байланышта болуп, бирин-бири шарттап турат. Сабактын максаттары сабактын милдеттери аркылуу ишке ашырылат. Сабактын жүрүшүндө мугалим менен окуучулар бир нече педагогикалык шарттарды биргелешип аткарышат. Демек сабактын милдети дегенибиз, бул сабактын жүрүшүндө максатка жетүү үчүн мугалим менен окуучулардын, окуучу менен окуучулардын биргелешкен иш аракети болуп саналат.

Сабактын максатын, милдеттерин маалымдабай туруп,  сабакты баштоо туура эмес. Ар бир окуучу сабакта эмнени билерин, эмнеге үйрөнөрүн, эмне кыларын жакшы билиши керек. Айрым мугалимдер сабактын максаттарын, милдеттерин окуучуларга маалымдоодо көп кыйынчылыктарга туш болушат.

МУГАЛИМ УУЛУМА НАСААТ (ЭССЕ)

Бир ирет тарыхтан берген жаш мугалим «Кыргызстандын жоокерлери Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында» деген сабакты окуучуларга “ Балдар, бүгүн мен силерге кыргызстандык жоокерлердин Улуу Ата Мекендик согушта көрсөткөн эрдиктери тууралуу айтып берүү менен силерди Ата Мекенди сүйүүгө тарбиялайм”, — деп баштаганы эсимде.  Менимче, мугалим  “Балдар, бүгүн биз силер менен кыргызстандык жоокерлердин Улуу Ата Мекендик согушта көрсөткөн эрдиктери тууралуу окуп үйрөнөбүз” деп баштаса туура болмок.

Окуучунун сезими комуздун кылындай назик келет.  Максат туура эмес маалымдалган учурда ал – “Мугалим бизди Ата Мекенди сүйүүгө кантип тарбиялайт болду экен?” деген ойдо калышы мүмкүн.

Сабактын максаттары туура коюлуп, милдеттери так аткарылганда гана, сабак өз максатына жетет.

Сабактын максатын окуучунун позициясынан коюу

Сабак сапаттуу, жугумдуу болушу үчүн мугалим окутуунун максатын окуучунун позициясынан коё билиши керек. Бул үчүн биз «технология» жана «методика» деген терминдердин айырмасын жакшы билишибиз абзел. Методикада сабактын максаты “тигил же бул теманы түшүндүрүү, маселе чыгарууга үйрөтүү, катасыз туура жазууга көнүктүрү деген сыяктуу конкреттүү эмес жалпыланган таризде коюлат. Аны ишке ашыруунун куралы жок болгондуктан, жыйынтыгын текшерүү кыйын.

Ал эми педагогикалык технологияда болсо,сабактын максаты долбоор түрүндө болуп, окуучунун иш-аракеттери  “түшүнөт, колдонгонду билет, которо алат, айтып бере алат” деген сыяктуу сөздөр менен көрсөтүлөт. Мында максат жалпылаштырылбай конкреттештирилип, негизги орунду мугалим өзү ээлейт да, технологиялык процессти ал өзү ишке ашырат.

Окутуунун  максатын окуучунун позициясынан коюу сабактын сапатын арттырат. Мында биз мугалим эмнени окутарын эмес, окуучу эмнени окуп үйрөнөрүн аныктоо менен, көӊүлдү окуучунун муктаждыгына бурабыз. Окутуу максатын так аныктай албаган мугалим барар жерин билбей туруп, туш келген автобуска отуруп алган жүргүнчүгө окшош.

Сабакта окутуу максаттары окуучунун окуп- үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнө карай аныкталууга тийиш. Эгер биз максат коюуда окуучунун мүмкүнчүлүгүн эске албасак, ал максат эч убакта ишке ашпайт.  Бул болсо, окуучунун предметке болгон кызыгуусун жоготот. Демек, максат ишке аша тургандай болушу керек.

Мугалим сабактын максатын окуучуга туура маалымдоого тийиш. Окуучу сабактын максатын туура түшүнүшү керек. Окуучу эмнени кантип үйрөнөрүн билбесе, эч убакта сабакка кызыкпайт.

Сабактын максаты окуучуга ачык-айкын жана түшүнүктүү болушу зарыл. Мугалим максатты окуучу туура түшүнгөндөй кылып, кыска жана так айтууга тийиш.

Максат негиздүү болуп, окутуунун мамлекеттик стандартына жана окуучунун муктаждыгына шайкеш келүүгө тийиш.Окуучу максатка жеткендигин же жетпегендигин, өзү өлчөй жана баалай билиши керек.

Сабактын усулдарын жана ыкмаларын туура тандап алуу

Бизге терезени ачып, бөлмөнү желдетүүгө туура келди. Ал үчүн биз терезени ачабыз. Демек биздин максатыбыз терезени ачуу. Алгач терезеге баруучу жолду тандап алабыз. Усул — бул максатка жетүүнүн жолу. Терезени түртүп же тартып ачышыбыз керек. Бул аракетибиз  – ыкма. Ыкма — бул максатты жүзөгө ашыруунун иш-аракети.

Сабакта колдонулуучу усулдар жана ыкмалар эӊ эле көп. Аларды окумуштуулар усулдук илимий адабияттарда тигил же  бул предметтин спецификалык өзгөчөлүгүнө жараша  ар кандай топторго бөлүп жүрүшөт.

Мыкты мугалим болуш үчүн сен  төмөнкү усулдарды жана ыкмаларды жакшылап билип ал. Сөз менен түшүндүрүү усулдарына дарс, аӊгеме, баяндоо, сүрөттөө, ал эми түшүндүрмө- иллюстративдик усулдарга иллюстрация, демонстрация кирет. Андан ары репродуктивдик, индуктивдик, дедуктивдик, эвристикалык, дифференциалдык, проблемалык, иликтөөчү, анализдөөчү, синтездөөчү усулдарды үйрөнүшүң керек.

 Стимулдаштыруу усулуна  оюн, таймаш,                    талкуу, текшерүү усулдарына  ооз эки тест,   жазуу тести,  лабораториялык иш,  интерактивдүү усулдарга болсо  мээ чабуулу, инсерт, кластер, концептуалдык карта, венндин диаграммасы, кубик, карусель, суроолор дарагы, чечимдер дарагы, зигзаг, мозаика, синквейн, даймонд, эки бөлүктүү күндөлүк, билем/билгим келет/билдим усулу кирет.

Менимче, усулдардын ар бирине токтолуунун кажети дале жок. Усулдук илимий адабияттардан өзүӊ таап окуганы оӊ. Эӊ негизги айтарым, азырынча сабактын бардык көйгөйлөрүн чече турган универсалдуу усул табыла элек. Ар бир усулдун жетишкен жана жетишпеген жактары болот. Башкысы, мугалим аларды сабакта туура колдоно билиши керек.

Акчал Атагулов, Талас облустук чет тилдер лицей-комплексинин мугалими

 

Бөлүшүү

Комментарийлер