МУГАЛИМ — КООМДУН КҮЗГҮСҮ

  • 25.05.2024
  • 0

Ат-Башы айылындагы Карыбек уулу Акматаалы орто мектебинде  «Мугалим -коомдун күзгүсү» аталышындагы иш-чара өттү.

МУГАЛИМ - КООМДУН КҮЗГҮСҮ

 

Маалыматка ылайык, тренингге аталган мектептин мугалимдери катышты. Анда идеалдуу мугалимге тийиштүү сапаттар, көндүмдөр, билимдер жана  мугалим өз ишинде кетирген каталарын тегерегинде пикир алмашуу болуп, кызуу талкуу жүрдү.

 

МУГАЛИМ - КООМДУН КҮЗГҮСҮМУГАЛИМ - КООМДУН КҮЗГҮСҮ

— Иш-чара «Лидер мугалим» курсунун бүтүрүүчүсү Жаңыбаева Айнура Болотбековна -тарабынан уюштурулду. “Лидер мугалим” курсу «Тоо балдары» коомдук фондунун колдоосунда «Калем» Лидерлер Академиясы ишке ашырып жаткан «Билим кербени» долбоорунун алкагында өткөрүлгөн, — деп жазылган маалыматта.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер