КЫРГЫЗ ТАРЫХЫ: 16 ТОМДУКТУН ЖАҢЫ БАСЫЛМАЛАРЫ ДАЯРДАЛУУДА

  • 16.07.2026
  • 0

Ушул жылдын 14-июлунда Улуттук илимдер академиясында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын төрагасы Арслан Койчиевдин жетекчилиги астында аталган комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү.КЫРГЫЗ ТАРЫХЫ: 16 ТОМДУКТУН ЖАҢЫ БАСЫЛМАЛАРЫ ДАЯРДАЛУУДАИш-чарада «Кыргыз тарыхы» аттуу 16 томдук фундаменталдуу академиялык басылманын 11–16-томдорунун түзүмү жана концепциясы каралып, жооптуу редакторлор томдор камтый турган тарыхый мезгилдер, негизги багыттар жана пайдаланылуучу булактар тууралуу кеңири маалымат беришти. Талкуунун жүрүшүндө комиссия мүчөлөрү кыргыз элинин тарыхын илимий негизде мезгилдештирүү, бөлүмдөрдүн түзүмүн өркүндөтүү, жаңы архивдик, археологиялык жана жазма булактарды кеңири пайдалануу, ошондой эле томдордун ортосундагы логикалык биримдикти камсыз кылуу боюнча баалуу сунуштарын айтышты.

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев фундаменталдуу көп томдукту даярдоо мамлекеттик маанидеги стратегиялык илимий долбоор экенин, ага Өлкө башчысы тарабынан тиешелүү каражат бөлүнгөнүн маалымдап, басылма жогорку академиялык талаптарга жана тарыхый объективдүүлүккө жооп бериши керектигин баса белгиледи. Бул ири эмгек улуттук тарых илимин өнүктүрүүгө жана баалуу тарыхый мурасты келечек муундарга ишенимдүү жеткирүүгө кызмат кылмакчы.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер