ЖОЖДОРДО АБИТУРИЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ БАШТАЛДЫ
- 13.07.2026
- 0
ЖОЖдордо 2026–2027-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуу башталды.
Бүгүн, 13-июлда, Кыргыз Республикасында жогорку окуу жайларына кабыл алуунун биринчи туру расмий түрдө башталды. Документтер мамлекеттик «Абитуриент Онлайн» платформасы аркылуу онлайн форматта кабыл алынууда.
Кабыл алуу Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгынын негизинде жүргүзүлөт. Көпчүлүк багыттар үчүн негизги тест боюнча босого балл 110, ал эми предметтик тесттер боюнча 60 балл болуп белгиленген.
Университеттерде кабыл алуу комиссиясы ар бир абитуриентке келечектеги кесибин туура тандоого көмөк көрсөтүп, окууга тапшыруунун бардык этаптарында кеңеш берүү иштерин жүргүзүүдө.
Бөлүшүү
Комментарийлер