МУГАЛИМ БОЛГОНУМА СЫЙМЫКТАНАМ!
- 29.04.2026
- 0
Учурда, Кыргызстан боюнча мугалимдер жамааты көтөрүлгөн айлык маянасын алып турган кубанычтуу күндөрдүн бири. Ар бир предметке жараша кошулган үстөктөр ар башка болгону менен, жалпы жонунан мугалим эмгегине болгон баа жогорулап жатканы баарыбыз үчүн сүйүнүчтүү көрүнүш. Кудайга шүгүр, жакшы өзгөрүү болду.

Эми бул ишенимге татыктуу болуп, ар бир педагог мамлекеттин тапшырмасын кантип сапаттуу аткарам, канткенде билим берүү стандартындагы күтүлүүчү натыйжаларга ылайык, билимдүү да тарбиялуу окуучуларды өстүрөм деген чоң жоопкерчилик менен издене турган учур келди.
Мугалимдин күчү — анын билиминде, сабырында, изденүүсүндө жана жүрөгүндө. Коомдун келечеги дал ушул мугалимдин колунда экенин ар дайым унутпайлы!
Ар бир мугалим өз милдетине жоопкерчилик менен мамиле кылып, келечек муун үчүн ак ниет эмгек кылуусу зарыл.
«Мугалимдик кесип — пайгамбардын жолуна теңелген ыйык кесип! Ошондуктан кандай гана жакшы иш болбосун, жалгыз өзүң калсаң да токтобой, уланта бер. Себеби чыныгы эмгек бир күнү сөзсүз өз жемишин берет».
Мен мугалим болгонума сыймыктанам!
Елиза ТУРУСБАЕВА, мугалим
Комментарийлер