МИЯРОВ МИРБЕК ЧҮЙ ОБЛУСУНУН ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ

  • 15.10.2020
  • 0

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесинин 2-бөлүгүнүн 15-пунктуна ылайык, Мирбек Ибаратович Мияров (1984-жылы туулган) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Аталган чечим кадрдык потенциалды жаңыртуу жана мамлекеттик жарандык кызматка жаңы жана жаш адистерди тартуу максатында кабыл алынды

Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Бөлүшүү

Комментарийлер