МИНИСТРЛИКТИН КӨЧМӨ КОЛЛЕГИЯСЫ — БАТКЕНДЕ

  • 24.05.2022
  • 0

Бүгүн, 24-майда Баткен шаарындагы Баткен мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында билим берүү жана илим министрлигинин көчмө коллегиясы болот.

Министрликтин басма сөз кызматы кабарлагандай, күн тартибинде Билим берүү уюмдарын институтционалдык жана программалык аккредитациялоодон өткөрүүнүн жыйынтыктары, мектептик жалпы билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандартынын долбоорун жактыруу, өлкөбүздүн жалпы билим берүүчү мекемелеринде кыргыз тилин эне тили жана экинчи тил катары окутуунун өркүндөтүлгөн Концепциясын бекитүү жана Баткен облусунун билим берүү жаатындагы көйгөйлүү маселелер каралмакчы.

Коллегиянын модераторлору: билим берүү жана илим министри А.Бейшеналиев, билим берүү жана илим министринин  орун басары Надира Джусупбекова, лицензиялоо жана аккредитациялоо башкармалыгынын башчысы Калдыбай уулу Мирлан, кыргыз билим берүү академиясынын  президенти Назира Дюшеева, Кыргыз билим берүү академиясынын илимий кызматкери Сулайман Рысбаев, билим берүү жана илим министрлигинин Адам ресурстары бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Чотбаева жогорудагы маселелер боюнча кеңири маалымат беришет.

Андан тышкары, коллегиянын соңунда Баткен облусунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуу болот. Ошондой эле баткендик кесиптештерибизди сыйлык тапшыруу сыяктуу жагымдуу иш-чаралар күтүүдө.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер