МИНИСТРЛИККЕ КАРАШТУУ “САНАРИП БИЛИМ БЕРҮҮ БОРБОРУ” МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕСИ ТҮЗҮЛДҮ

  • 06.02.2024
  • 0

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 7-сентябрындагы №448 токтомуна ылайык Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Санарип билим берүү борбору” мамлекеттик мекемеси түзүлдү.

МИНИСТРЛИККЕ КАРАШТУУ “САНАРИП БИЛИМ БЕРҮҮ БОРБОРУ” МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕСИ ТҮЗҮЛДҮ

Борбордун максаты санариптик чечимдерди иштеп чыгуу жана киргизүү жолу менен өлкөнүн билим берүү системасынын инфраструктурасын жакшыртуу болуп саналат.

Мамлекеттик мекеме Билим берүү жана илим министрлигине түздөн-түз баш иет.

“Санарип билим берүү борбору” мамлекеттик мекемесине 2024-2027-жылдарга карата төмөндөгү маалыматтык системаларды иштеп чыгуу жана оператор болуу тапшырылды:

  • “Аттестаттар маалымат базасы”,
  • “Жалпы билим берүү уюмдарынын электрондук тарификациясы жана штаттык расписаниеси”,
  • “Акселератор”,
  • “Мугалимдерди баалоо”,
  • “БИМ”.

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун 2023-жылдын 20-октябрындагы №540 тескемесине ылайык “Санарип билим берүү борбору” мамлекеттик мекемесинин директору болуп Бабаев Бектурган Назарбекович дайындалды.

Бөлүшүү

Комментарийлер