МИНИСТРЛИК КЫСКАРТЫЛГАН ИШ КАГАЗДАРЫ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ БЕРДИ

  • 14.01.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен видео конференция аркылуу жолугушту.

Конференцияда министрдин орун басары Надира Джусупбекова мугалимдердин кыскартылган иш кагаздары тууралуу маалымат берди. Ошондой эле, жетекчилерге мугалимдердин кыскартылган иш кагаздарын кайрадан талап кылбоосу эскертилди.

МИНИСТРЛИК КЫСКАРТЫЛГАН ИШ КАГАЗДАРЫ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ БЕРДИ

Мындан тышкары, Надира Джусупбекова Билим берүү академиясынын президенти Алмаз Токтомаметовго реалдуу режимге өткөн билим берүү уюмдарында санитардык нормаларды так сактоо, кышкы жылытуу мезгилинде өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча жеткиликтүү иш алып баруу тапшырмасын берди.

Н. Джусупбекова мугалимдерге тиешелүү кыскарган иш кагаздар боюнча маалыматтын так жеткирилиши керектигин баса белгиледи.

Видео конференциянын жыйынтыгында министрдин орун басары менен Билим берүү академиясынын президенти мугалимдердин суроолоруна жооп беришти.

КР ББИМдин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер