МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНИН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ МЕНЕН ОНЛАЙН ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ

  • 26.12.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу республикадагы башталгыч кесиптик билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен онлайн жыйын өткөрдү.

МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНИН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ МЕНЕН ОНЛАЙН ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ

Жыйында биринчи жарым жылдыкты жабуу жана кышкы эс алуу учурундагы иш-чаралар, кесиптик лицейлердин финансы маселелери, социалдык өнөктөштү өнүктүрүү жана дуалдык окутуу маселелери каралды.

Ошондой эле Расул Абазбек уулу кесиптик билим берүү мекемелеринин жетекчилерине протоколдук тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, өлкөдө сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар менен ооругандардын саны өсүп жаткандыгына байланыштуу 26 кесиптик билим берүү мекемеси онлайн окутууга өткөн.

Бөлүшүү

Комментарийлер