МИНИСТР ВЕНГРИЯНЫН АТАЙЫН ЖАНА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ЭЛЧИСИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

  • 11.01.2021
  • 0

6-январда Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Шандор Дороги мырзаны кабыл алды.

Шандор Дороги мырза бул жолугушуунун Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрине ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшыргандан кийинки биринчи расмий жолугушуусу болгондугун жана Венгрия тарабы үчүн билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтыктын маанилүүлүлүгү абдан бийик экендигин белгиледи. Элчи мырза жаштарды эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүн жана кызматташтыгын чыңдай турган байланыштыруучу звено деп эсептейт.

Министр А.Б.Бейшеналиев бүгүнкү күндө Stipendium Hungaricum стипендиялык программасынын алкагында бюджеттик негизде Кыргыз Республикасынын жарандарын Венгриянын ЖОЖдорунда окутуу Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы кызматташуунун эң активдүү багыттарынын бири болуп саналарын белгиледи. Башынан эле, бул программа Кыргыз Республикасынын кызыкдар жарандарынын арасында эң популярдуу жана керектелүүчү багыт болгон, ошого байланыштуу акыркы мезгилде квоталардын санын 150гө чейин жогорулатылышы мезгил талабына ылайык. Бирок жарандардан келип түшкөн кайрылуулардын саны бөлүнгөн квоталардын санынан кыйла жогору болору күтүлүүдө.

МИНИСТР ВЕНГРИЯНЫН АТАЙЫН ЖАНА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ЭЛЧИСИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Эки тараптуу кызматташтыкты ар тараптуу бекемдөө жана кеңейтүү, профессордук-окутуучулук курамынын академиялык мобилдүүлүгүн кеңейтүү жана илимпоздордун алмашуусу боюнча кызматташтыкты орнотууга мүмкүнчүлүк түзүү максатында, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жакынкы арада биргелешкен кыргыз-венгр илимий фондун, университеттердин биргелешкен консорциумун түзүү, ошондой эле биргелешкен билим берүү программаларын ачуу маселелерин карап чыгууну макулдашууга жетишти.

МИНИСТР ВЕНГРИЯНЫН АТАЙЫН ЖАНА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ЭЛЧИСИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Кыргыздар менен венгрлерди жалпы тарыхый тамырлары байланыштырып тургандыгын эске алып, Шандор Дороги мырза бүгүнкү күндө ОшМУ менен кыргызстандык студенттердин венгер тилин үйрөнүүсүн жайылтуу максатында маалыматтык материалдар жана китептер менен жабдылган Венгриялык борборду түзүү боюнча кызматташтык бар экендигин кошумчалады. Венгрия тарабы өлкөнүн борборундагы жогорку окуу жайлар менен аталган багытттагы кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар.

Жолугушуунун жыйынтыгында, кыргыз тарабы жакынкы аралыкта берилген сунуштар боюнча концепция менен расмий кайрылууну, ошондой эле Венгриянын делегациясын Кыргызстанга чакырууну Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине жиберүү милдеттенмесин алды. Венгрия тарабы билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү жана чыңдоо маселелерин эртерээк иштеп чыгууга жогорку кызыгуусун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын Венгриянын жогорку окуу жайларында артыкчылыктуу багыттар боюнча окутуу үчүн квоталардын санын көбөйтүү маселесин кароого даяр экенин билдирди.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер