МИНИСТР УЛАНБЕК МАМБЕТАКУНОВ ОшМПУнун ЭМГЕК ЖАМААТЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

  • 29.11.2022
  • 0

Бүгүн, 29-ноябрда Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов иш сапары менен Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде болуп, окуу жайдын эмгек жамааты менен жолугушту.

МИНИСТР УЛАНБЕК МАМБЕТАКУНОВ ОшМПУнун ЭМГЕК ЖАМААТЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

 

Жолугушууда министр билим берүу тармагында аткарылып жаткан иш аракеттерге токтолуп, өкмөт тарабынан мугалимдердин кадыр-баркын көтөрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

Ошондой эле министр жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулардын сунуш-пикирлерин угуп, суроолоруна жооп берди.

Белгилей кетсек, министр Уланбек Мамбетакуновдун иш сапары Баткен облусунда уланып, андагы билим берүү мекемелеринен кабар алмакчы.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер