МИНИСТР МЕКТЕПТЕРДЕ “МОЗАИК” БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ МЕНЕН ОКУТУУНУ СУНУШТАДЫ

  • 17.05.2023
  • 0

“Жакынкы келечек – бул биздин жашообуздун активдүү бөлүгүнө айланып бараткан жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу. Андыктан мектептеги билим берүү чөйрөсүнө алдыңкы технологияларды кечикпестен киргизүү зарыл. Мен муну “Мозаик” билим берүү программасы менен баштоону сунуштайм!”. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев бүгүн, 17-майда “Санарип мектеп» санариптик технологияларды колдонуу менен окутуунун заманбап жана натыйжалуу билим берүү системасын түзүү” аталышындагы Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун мектеп директорлорунун форумунда билдирди.

МИНИСТР МЕКТЕПТЕРДЕ “МОЗАИК” БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ МЕНЕН ОКУТУУНУ СУНУШТАДЫ

Министрдин айтымында, “Мозаик” билим берүү программасы Кыргызстандын мазмуну менен толтурулуп, окуучуларга STEM предметтерин үйрөнүүдөгү көндүмдөрүн, ошондой эле PISAдагы көрсөткүчтөрүн жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн берип, Кыргызстандын тарыхы, география, Манас таануу, кыргыз тили жана кыргыз адабияты сыяктуу стратегиялык предметтерди изилдөөгө жол ачат.

 “Мен эки айдын ичинде өлкөнүн бардык аймактарын кыдырып, мектептерге барып, сабактарга катышып, мугалимдер, директорлор, окуучулар жана ата-энелер менен сүйлөштүм. Аймактагы мектептер, ошондой эле шаардык мектептер жакшы мугалимдерге, окутуунун заманбап, кызыктуу жана сапаттуу кыла турган жаңы мүмкүнчүлүктөрүнө муктаж. Мындан улам биз ыңгайлуу окутуу форматын издеп, дүйнөнүн 80 өлкөсүндө, өзгөчө пандемия убагында эбегейсиз зор тажрыйбага ээ болгон “Мозаик” билим берүү программасын аныктадык. Бул программа – заманбап, кызыктуу, натыйжалуу жана билим берүүчү! Биз санариптик технологияны тез өздөштүргөн жана колдонууну үйрөткөн балдарыбызга дал келишибиз керек”, — деди министр.

Каныбек Иманалиев “Мозаик” билим берүү программасынын артыкчылыктуу багыттарынын бири билим берүүнүн бардык деңгээлинде (бала бакча – мектеп – кесиптик лицей – колледж – жогорку окуу жай) колдонулгандыгын кошумчалады.

Форумдун жүрүшүндө министрликтин санариптештирүү жаатындагы жүргүзүлүп жаткан иштери тууралуу баяндамалар угулуп, “Mozaik Education” венгер компаниясынын директору Петер Торок тарабынан “MozaBook билим берүүчү презентация программасы”, Министрликтин ведомстволук мекемелеринин жетекчиери тарабынан “Билим берүү тутумундагы санариптик платформалардын келечеги жана көйгөйлөрү”, “PISA: Кыргыз Республикасындагы мектеп окуучуларынын санариптик көндүмдөрүн жана медиа сабаттуулук деңгээлин баалоо”, “ББОУБ долбоорлорундагы санариптик технологиялар”, “Компьютердик тестирлөө билим берүүнүн сапатын баалоо механизми катары” ж.б.темаларда презентациялар жасалды.

Бөлүшүү

Комментарийлер