МИНИСТР КУПЕШЕВ ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИН КЫДЫРУУДА

  • 17.06.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев иш сапары менен Ысык-Көл облусундагы билим берүү уюмдарын кыдырууда.

 

МИНИСТР КУПЕШЕВ ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИН КЫДЫРУУДА

Кечээ, 16-июнда ал Балыкчы шаарындагы мектептерге жана кесиптик лицейлерге барып, жетишкендиктер жана көйгөйлөр менен жеринен таанышты. Шаардагы Лев Толстой атындагы  №1 гимназияда өткөн жолугушуу маалында, министр донордук уюмдар жана жеке меценаттар менен тыгыз кызматташуунун натыйжасында билим уясын заманбап шарты бар окуу жайга айланта алган мыкты жетекчилердин эмгегине токтолуп, ийгиликтүү мектептердин тажрыйбасын республика боюнча жайылтуу керектиги тууралуу айтты.

МИНИСТР КУПЕШЕВ ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИН КЫДЫРУУДА

Ошондой эле министрдин айтымында, билим берүү тармагына тиешелүү баардык курулуш объекттери өзгөчө көзөмөлгө алынат.

Бөлүшүү

Комментарийлер