МИНИСТР КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ ОШМПУДА

  • 27.04.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Ош мамлекеттик педагогикалык университетине иш сапары менен барып, профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттер менен жолукту.

МИНИСТР КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ ОШМПУДА

Жолугушууда Каныбек Иманалиев алгач министрликте жүрүп жаткан соңку иш аракеттер, жетишкендиктер, алдыдагы иш пландар жана билим берүү тармагындагы маселелер боюнча кеңири токтолуп, жогорку билим берүү жаатында, өзгөчө педагог адистерин даярдоодо Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин орду жогору экендигин баса белгилеп, министрлик тарабынан колдоого алынарын кошумчалады.

Иш чаранын алкагында “Улут, Мамлекет, Мамлекеттин руханий интеллектуалдык, экономикалык күчүн көтөрө турган интеллигенция, элита жана мындагы мугалимдердин, студенттердин ролу.” жана “Кыргызстандагы алгачкы педагогикалык окуу жайлардын ачылыш тарыхы” аталышындагы лекция окулуп,  министр катышуучуларга кыргыз элинин улуттук баалуулуктары, нарк-насили, каада — салты, этнопедагогикасы, тарыхы жана “Манас” эпосу тууралуу таасирдүү маалыматтары менен бөлүштү.

Жолугушуунун соңунда ОшМПУнун материалдык базасы жана жаңы курулуп жаткан беш кабаттуу окуу корпусу менен таанышты.

Айгерим Токтобаева, «КУТ БИЛИМ» 

Бөлүшүү

Комментарийлер