МИНИСТР КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ АКШ ДЕЛЕГАЦИЯСЫ МЕНЕН МЕКТЕП ТАМАК-АШЫН КАМСЫЗДОО БОЮНЧА ДОЛБООРЛОРДУН ИШКЕ АШЫРЫЛЫШЫН ТАЛКУУЛАДЫ

  • 18.04.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев АКШнын Айыл чарба министрлигинин Эл аралык айыл чарба кызматынын өкүлү Мередит Маргарет Портер, Мерсиконун Кыргыз Республикасындагы өлкөлүк директору Елена Бурьян, АКШнын Казакстан Республикасындагы Элчилигинин айыл чарба атташеси Кристофер Белески жана Мерсиконун өкүлү Нурзат Есенгулова менен жолугушту.

МИНИСТР КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ АКШ ДЕЛЕГАЦИЯСЫ МЕНЕН МЕКТЕП ТАМАК-АШЫН КАМСЫЗДОО БОЮНЧА ДОЛБООРЛОРДУН ИШКЕ АШЫРЫЛЫШЫН ТАЛКУУЛАДЫ

Тараптар Мерсико долбоорлорунун Кыргызстанда ишке ашырылышын талкуулашты. Буга чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын арыздары боюнча мектептердин муктаждыктарын баалоо жүргүзүлгөн.

Министр Мерсиконун Кыргызстанда мектеп тамак-ашын уюштурууга активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Бөлүшүү

Комментарийлер