МИНИСТР Д. КЕНДИРБАЕВА ТОКТОГУЛДА
- 09.04.2025
- 0
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Токтогул районунун Үч-Терек айылындагы №29 М. Нургазиев атындагы орто мектебинин мугалимдери менен жолугушту.
Жолугушууга Токтогул районунун акими Акылбек Тюкебаев, Токтогул районундагы мектеп директорлору, окуу бөлүмүнүн башчылары, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери, мугалимдер жана айылдын тургундары катышты.
Педагогдорго «Алтын Казык» билим берүү системасын трансформациялоо программасын аткаруунун алкагында 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча отчет жана 2025-2026-окуу жылына карата пландар тууралуу айтып берди.
Андан соң, Токтогул районундагы №29 М. Нургазиев атындагы орто мектебине барды.
Министр мектептин имараты жана күнөсканасы менен таанышып, анын жакшы уюштурулганын белгиледи. Ал күнөсканада өстүрүлгөн экологиялык таза продукт окуучулардын ден соолугу үчүн пайдалуу экенин айтты.
Мектептин чарба башчысы Үсөнкан Раманов билдиргендей, күнөскана 2021-жылдан бери иштеп келет. Анда помидор, бадыраң жана кулпунай өстүрүлүп, түшүмү окуучуларга берилет. Ошондой эле, окуучуларга биология сабагында экскурсия уюштурулуп турат.
Иш сапардын максаты региондордогу билим берүү мекемелеринин абалы менен таанышуу, мугалимдер менен жолугушуу, көйгөйлөрдү аныктоо жана чечүү жолдорун талкуулоо, билим берүү сапатын жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу болуп саналат.
Комментарийлер