МИНИСТР ЧОҢ-АЛАЙДЫН ПЕДАГОГДОРУ МЕНЕН
- 26.03.2025
- 0
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Чоң-Алай районунун педагогдору менен жолугушту. Ал педагогдорго «Алтын Казык» билим берүү программасынын алкагында 2024-жылы жасалган иштер жана 2025-2026-окуу жылына пландар тууралуу маалымат берди.
Жыйын Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өттү, ага мектеп директорлору, окуу бөлүмүнүн башчылары, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Бөлүшүү
Комментарийлер