МИНИСТР ЧҮЙ ЖАТАК МЕКТЕБИНДЕ

  • 24.02.2025
  • 0

22-февралда Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева  ата-энелеринин көзөмөлүсүз калган балдардын  жатак мектебине барды.

МИНИСТР ЧҮЙ ЖАТАК МЕКТЕБИНДЕ

Министр аталган мекеменин окуу бөлмөлөрү, санитардык түйүндөрү, спорт залы, жатакана, китепкана, ашкана, медпункт, устакана, стадион, кир жуучу жайлардын абалы, өрт коопсуздугу жана балдардын ортосундагы тарбиялык иштердин жүрүшү менен таанышты.

Чүй жатак мектебинин директору Назгүл Мусаева маалыматы боюнча тарбиялануучулар үчүн музыкалык, кол өнөрчүлүк, спорт, шахмат ийримдери жана комузчулар тобу бар.

МИНИСТР ЧҮЙ ЖАТАК МЕКТЕБИНДЕ

Ошондой эле  ден соолукту чыңдоо комплекси жана чач тарач, косметология жаатында окутуу үчүн имарат курулган. Министр бул окуулар балдарга интернатты аяктагандан кийин ийгиликтүү социалдашуу үчүн абдан маанилүү экенин белгиледи.

МИНИСТР ЧҮЙ ЖАТАК МЕКТЕБИНДЕ“Жатак мектептин аймагында тарбиялануучулар үчүн курулуп жаткан 18 батирлүү үй бүтүрүүчүлөрдү социалдык коргоого алууда эң чоң мааниге ээ. Аларга коомдогу жүрүм-турум көндүмдөрүн берүү, оптималдуу жашоо жолун аныктоо, психосоциалдык жана физикалык ден соолукту калыбына келтирүү үчүн жол ачып берет”, – деди Д. Кендирбаева.

Жатак мектептин көйгөйлөрүнүн бири спорт залды толугу менен жаңыртуу, устаканага жана окуу имаратына капиталдык ремонт жүргүзүү болуп саналат.

Келечекте күнөскана куруу, жетим балдарга турмуштук көндүмдөрдү үйрөтүү үчүн устаканаларды уюштуруу жагы да каралган.

МИНИСТР ЧҮЙ ЖАТАК МЕКТЕБИНДЕ

Айдана МАМАТБЕРДИЕВА,

«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер