МИНИСТР БҮТҮРҮҮ КЕЧЕСИН ӨТКӨРҮҮ ТАЛАПТАРЫН АЙТТЫ

  • 05.04.2022
  • 0

КР ББИМ аппараты менен райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, окуу-усулдук кааналарынын башчылары, баштапкы жана кесиптик билим берүү лицей жетекчилери жана мектепке чейинки билим берүү тармагынын кызматкерлери катышкан жыйында Алмазбек Бейшеналиев жыл сайын өткөрүлүүчү бүтүрүү кечелерине уюштурууга кылдат көзөмөл жүргүзүлөөрүн билдирди.

Окуу жылы аяктаганга бир айга жетпеген убакыт калды. Алдын-ала алынган маалыматтар боюнча быйыл мектепти 67 миңден ашык окуучу аяктайт. Ата-энелерди, бүтүрүүчүлөрдү өзгөчө толкунданткан экзамендерден тышкары дагы бир учур бар, ал – бүтүрүү кечелерин өткөрүү.

МИНИСТР БҮТҮРҮҮ КЕЧЕСИН ӨТКӨРҮҮ ТАЛАПТАРЫН АЙТТЫ

Министр А.Бейшеналиев “Сейтек” балдар борборунда өткөн жыйында жетекчилерге бүтүрүү кечелерин өткөрүүдө ысырапкорчулукка жол бербөө талабын койду.

— Бүтүрүү кечесин өткөрүүдө ысырапкорчулукка жол бербеңиздер. Бул мамлекеттик деңгээлдеги талап экенин баарыңыздар жакшы билесиздер. Эч кандай терс көз караштар болбосун. Тартипти көзөмөлдөө райондук билим берүү жетекчилеринин милдети. Мектеп директорлорун шуру санагандай санап турууга чакырам, — деди ал райББББ кайрылып.

 

Айнагүл Кашыбаева,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер