МИНИСТР АЗЕРБАЙЖАНДЫН ЭЛЧИСИ МЕНЕН ГЕЙДАР АЛИЕВДИН 100 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА КОНФЕРЕНЦИЯ УЮШТУРУУНУ ТАЛКУУЛАДЫ
- 05.04.2023
- 0
Бүгүн, 5-апрелде билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Латиф Гандилов менен жолугушту.
Тараптар эки мамлекеттин билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтыгын кеңейтүү пландарын жана жетишкендиктерин талкуулашты. Азербайжандын мамлекеттик ишмери Гейдар Алиевдин 100 жылдыгына карата конференция өткөрүү мерчемделген.
Азербайжанда 2023-жыл “Гейдар Алиев жылы” деп жарыяланган.
Бөлүшүү
Комментарийлер