МИНИСТР БЕЙШЕНАЛИЕВДИН ИШ САПАРЫ ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА УЛАНДЫ

  • 18.12.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барды. Алгач Жалал-Абад мамлекеттик университеттин ишмердүүлүгү, жалпы абалы менен жеринен таанышты.

МИНИСТР БЕЙШЕНАЛИЕВДИН ИШ САПАРЫ ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА УЛАНДЫ

Андан соң министр Жалал-Абад шаарындагы №18 Манас-1000 жалпы билим берүүчү орто мектебине барып, мектептин имараты, сабак өтүлүүчү жайлардын абалын көрдү. Аталган мектепте окуучулардын саны көп болуп, мектеп эскилигине жеткен. Мындан улам министр курулуп жаткан мектепти эртелетүү керектигин баса белгилеп, тиешелүү адистерге бир катар тапшырмаларды берди.

МИНИСТР БЕЙШЕНАЛИЕВДИН ИШ САПАРЫ ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА УЛАНДЫ

Иш сапарынын алкагында билим берүү министри Жалал-Абад облустук билим берүү усулдук борбору, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары жана мектеп директорлору менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда билим берүү тармагынын учурдагы маселелери жана аларды чечүү жолдору талкууланды.

МИНИСТР БЕЙШЕНАЛИЕВДИН ИШ САПАРЫ ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА УЛАНДЫ

Ошондой эле жолугушууда министр А.Бейшеналиев Токтогул районуна караштуу №26 З. Эгембердиев атындагы орто мектебине 16 комплект компьютердин сертификатын тапшырды.

МИНИСТР БЕЙШЕНАЛИЕВДИН ИШ САПАРЫ ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНДА УЛАНДЫ

Жалал-Абад облусундагы иш сапарынын соңунда министр Сузак районундагы курулушу токтоп турган №44 Фуркат атындагы орто мектебине дагы барды. Анда 36 жылдан бери курулушу бүтпөй жаткан мектептин маселелерин чечүү жолдорун талкуулап, тиешелүү адистерге эртелетүү тапшырмаларын берди.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер