МИНИСТР Д. КЕНДИРБАЕВА АЛАЙДА
- 27.03.2025
- 0
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 26-мартта Алай районунун Гүлчө айылында жайгашкан № 4 Кадырмамат уулу Абдразак атындагы мектеп-интернатка барды. Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев дагы катышты.
Д. Кендирбаева мектеп-интернаттын имараты капиталдык оңдоп-түзөөгө сунушталганын белгиледи. Ошондой эле ал көп жылдык үзүрлүү эмгеги, жетишкендиктери жана билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн бир катар мугалимдерге ыраазычылык кат тапшырды.
Мектеп-интернаттын директору Маматжан уулу Саматтын айтымында, азыркы учурда интернатта жалпы 383 окуучу билим алууда, анын 200ү жатаканада жатып окуйт.
Андан соң, Алай районунун Гүлчө айылындагы № 2 Тапык Отунчиев атындагы орто мектептин мугалимдери менен жолугушту
Министр мугалимдерге “Алтын Казык” программасынын алкагында 2025-2026-окуу жылына карата иш-аракеттер пландар тууралуу маалымат берип, суроолорго жооп берди.
Мектеп директору Маратбек Нышанов министр “Алтын Казык” программасынын маанисин ар бир мугалимге эң жөнөкөй жана түшүнүктүү жеткиргенин айтты.
Комментарийлер