МИГРАЦИЯ МЫЙЗАМДАРЫН БИЛЕСИЗБИ?

  • 10.06.2025
  • 0

Ош технологиялык университетинде окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү жана студенттери үчүн Россия Федерациясында, Америка Кошмо Штаттарында жана жакынкы чет өлкөлөрдө болуу эрежелериндеги өзгөрүүлөр жана коопсуз миграция, миграциялык мыйзамдар туурасында жыйын өттү.

Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун Түштүк региону боюнча бөлүмүнүн башчысы С.Токтосунов жана жетектөөчү адис И.Мурзабеков, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустардагы өкүлчүлүгүнүн атташеси А.Жунусов, ОшТУнун эл аралык бөлүмүнүн башчысы Г.Тойчубекова, ОшТУнун коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Нуркыз Кадырбек кызы жана индустриалдык-педагогикалык институтунун директору У.Абдалиев усулдук мазмундагы баяндамаларды жасашып, видео роликтерди көргөзүп, практикалык кеңештерин беришти жана маалымат баракчаларын таркатышты жана катышуучулардын суроолоруна жооп беришти.

Иш-чараны өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун Түштүк региону боюнча бөлүмү, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы өкүлчүлүгү жана ОшТУнун эл аралык бөлүмү демилгечи болду.

ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

Комментарийлер