АРАЛЫКТАН ОКУТКАН АЛГАЧКЫ МЕКТЕП
- 10.06.2025
- 0
Орусияда 2024-жылдын декабрь айынын аягында “Орусия Федерациясындагы билим берүү жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр мигранттардын балдарын мектепке кабыл алуу тартибин кыйла катаалдаштырды.
2025-жылдын 1-апрелинен тартып биринчи класстарга кабыл алууда орус тили боюнча тесттин талаптары күчөтүлүп, зарыл документтердин саны да көбөйдү. Бул өзгөртүүлөр Кыргызстандын миграциядагы жарандарынын балдарынын билим алуусуна олуттуу таасирин тийгизүүдө. Жаңы эрежелерге ылайык, мектепке кириш үчүн балдар орус тили боюнча тесттен 90% туура жооп бериши керек, бул көпчүлүк мигранттар үчүн чоң тоскоолдук жаратууда. Мындан улам, Кыргызстанда биринчи жолу мигранттардын балдары жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын “Тунгуч онлайн-мектеби” түзүлүп, аларга аралыктан билим берүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максаты коюлду.
Орус тили боюнча тесттин катаал талаптары
Орусиянын билим берүү мыйзамына киргизилген жаңы эрежелерге ылайык, биринчи класстан тартып окуучулар оозеки тест тапшырышат. Тест биринчи класста 10 суроодон турат, алар баланын жашын, дарегин айта алуусун, сүрөттөгү предметтерди жана адамдардын маанайын сүрөттөп берүү жөндөмүн текшерет. Экинчи класстан баштап жазуу жана окуу көндүмдөрүн текшерген 20 суроо берилет, ал эми 6-9-класстарда 22, 10-11-класстарда 24 суроого жооп берүү талап кылынат. Тесттен өтпөгөн окуучулар үч айдан кийин гана кайра тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Орусияда иштеген кыргыз мигранты Кыялбектин айтымында, жаңы талаптар мигранттар арасында тынчсызданууну жаратты: “Балдарым орусча жакшы эле сүйлөшөт, бирок тест тапшыруу оңой эмес. Орус тилинин грамматикасы татаал, чоңдор да кыйналат. Балдарды мындай тестке даярдоо үчүн кеминде 2-3 ай убакыт керек. Тесттен өтпөй калган балдар билимсиз калышабы?”
Мындан тышкары, мектепке кабыл алууда документтердин тизмеси да кеңейди. Мисалы, баланы Сахароводогу медициналык кароодон өткөрүү милдети кошулду, бул дагы кошумча убакытты жана чыгымды талап кылат.
Кыргызстандагы “Тунгуч онлайн-мектеби”
Орусиядагы катаал талаптарга жооп катары Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги чет өлкөдө жүргөн окуучуларды билим менен камсыздоо максатында “Тунгуч онлайн-мектебин” түзгөн. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-мартындагы №136 токтомуна ылайык, Бишкектеги №5 Улуттук компьютердик гимназиянын базасында ачылган бул мектеп 2025-2026-окуу жылынан тартып иштей баштайт.
Мектептин директордун убактылуу милдетин аткаруучу Муратбек Касымалиевдин айтымында, “Тунгуч онлайн-мектеби” заманбап санариптик технологияларды колдонуу менен билимге бирдей жетүүнү камсыздайт:
“Бул мектеп кадимки мектептердин аналогу болуп, Кыргызстандын билим берүү стандарттарына ылайык окутат. Окутуу толугу менен онлайн форматта жүргүзүлөт. Мигранттардын балдары үчүн бул – билим алуунун ыңгайлуу жолу. Платформанын техникалык талаптары “Улут Софт” компаниясы менен биргеликте иштелип чыкты. Электрондук окуу китептери жаңы стандарттарга ылайык даярдалат, ал эми биринчи чейректин китептери 2025-жылдын 30-июлуна чейин даяр болот. Быйылкы окуу жылында онлайн мектепке 5-11-класста окуган окуучуларды каттоолор жүргүзүлүп окуу процесси башталат. Бул онлайн мектепке 1-класстан баштап кабыл албайт. 1-5-класстар социализацияны (коомдошууну) калыптандыруу үчүн мектепке барып окушу зарыл. 2025-2026 окуу жылында кыргыз тилинде болот, кийинки 2026-2027- окуу жылында орус тилинде окутууга дагы кабыл алынып баштайт.”
Мектептин ачылышы 2025-жылдын 1-сентябрына пландалууда. Учурда мектепти мамлекеттик каттоодон өткөрүү, окуу планын жана предметтик стандарттарды түзүү, педагогикалык кадрларды конкурстук негизде тандоо жана материалдык-техникалык базаны даярдоо иштери жүрүүдө. Мугалимдер үчүн семинарлар июнь-июль айларында өткөрүлөт, ал эми окуучуларды жана ата-энелерди каттоо системасы 2025-жылдын 10-августуна чейин даяр болот.
Мектепти каржылоо маселеси
“Тунгуч онлайн-мектеби” долбоорунун каржылоосу Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин алкагында жүзөгө ашырылат. Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, мектептин материалдык-техникалык базасын түзүү, санариптик платформаны иштеп чыгуу жана педагогикалык кадрлардын эмгек акысын төлөө үчүн мамлекеттик бюджеттен атайын каражат бөлүнгөн. Мындан тышкары, “Улут Софт” компаниясы менен кызматташуунун алкагында платформанын техникалык талаптарын ишке ашыруу үчүн кошумча инвестициялар тартылууда. Долбоордун пилоттук этабынын ийгиликтүү ишке ашырылышы үчүн 2025-жылга карата Агартуу министрлиги тарабынан каржылоонун туруктуу механизми иштелип чыкты, бул мектептин өз пландалган убактысында материалдык техникалык база менен камсыз болушуна шарттарды түзүү менен узак мөөнөттүү иштешин камсыздайт.
Дипломатиялык аракеттер жана коомдук маанай
Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги быйыл апрель айында Орусиянын агартуу министри Сергей Кравцовго дипломатиялык каналдар аркылуу кат жолдоп, мигранттардын балдарына коюлган орус тили боюнча талаптарды жеңилдетүүнү суранган. Катта Кыргызстанда орус тилине расмий макам берилгени, кыргыз мектептеринде орус тили расмий предмет катары окутулуп жатканы жүйө келтирилген. Бирок, бул маселенин кандай чечилгени азырынча белгисиз.
2024-жылы Москвадагы “Крокус Сити Холл” теракттынан кийин Орусияда мигранттарга карата маанайдын начарлашы жаңы талаптардын киргизилишине себеп болгон. Расмий маалыматтарга ылайык, 2025-жылдын январына карата 608 миң 88 кыргызстандык чет өлкөдө миграцияда жүрөт, алардын 376 миң 907си Орусияда катталган. Мигранттарга каршы катаал мыйзамдардын кабыл алынышы билим берүү тармагындагы тоскоолдуктарды ого бетер күчөттү.
Мектеп эшигин ачат
“Тунгуч онлайн-мектеби” Орусияда, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдө, Америкада, Европада жашап жаткан мекендештердин балдарынын билим алуусундагы тоскоолдуктарды жоюу үчүн маанилүү кадам болуп саналат. Мындан тышкары ден соолугунун чектелген мүмкүнчүлүгү бар балдарга дагы билим алуунун жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатын көздөйт. Бул Конституция тарабынан КРнын жарандарына кепилденген билим алуунун жеткиликтүүлүгүн камсыздоо болуп саналат. Долбоор Кыргызстандын билим берүү стандарттарына ылайык, заманбап технологияларды колдонуу менен аралыктан окутууну камсыздайт. Мамлекеттик бюджеттин колдоосу жана санариптик технологиялардын интеграциясы менен ишке ашырылып жаткан бул онлайн мектеп чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктардын балдарынын билим деңгээлин жогорулатууга салым кошот деп ишенебиз.
“Туңгуч онлайн-мектеби” — кыргызстандык мигранттардын балдары үчүн билимдин жаңы эшиги. Бул пилоттук долбоор билимге жетүүнүн адилеттүү жана жеткиликтүү моделин сунуштайт. Ал өлкөнүн билим берүү системасынын жаңы доорго кадам таштаганын да далилдейт. Билим – бул келечекке инвестиция, ал эми “Тунгуч” ошол келечекти бүгүн баштоого мүмкүнчүлүк берет.
Кабыл Макешов,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Кут Билим”
Комментарийлер