12 жылдык модель: МИҢ БАЛАГА ВАУЧЕР

  • 03.07.2024
  • 0

1-сентябрдан баштап социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү балдардын бала бакчага баруусун камсыздоо үчүн ваучер механизми ишке киргизилет.

12 жылдык модель: МИҢ БАЛАГА ВАУЧЕР

Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымован Бишкекте өтүп жаткан «Мектептеги билим берүүнү трансформациялоонун заманбап стратегиялары» форумунда аялуу катмардагы 1000 балага ваучер механизминин негизинде акча бөлүнүп берилерин билдирди.

— 1-сентябрдан баштап социалдык шартына жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде чечим кабыл алынган 1 миң балага ваучер бериле баштайт. Ал бала мейли, мамлекеттик бала бакчага барабы же жеке менчик бала бакчага же болбосо өнүктүрүү борборлоруна барабы, айтор кайда барса да, баланын артынан акчасы барууга тийиш. Бала бакчаларга ваучер механизмин киргизүү жөнүндө токтом иштелип чыгып коомдук талкуудан өттү. Бул механизмди киргизүү үчүн “Балалык” платформа иштелип чыкты, себеби ар түрдүү форматтагы бала бакчаларды бир системага киргизүү талап кылынат, платформада ваучерди баланын ПИНине карап, бала каякка барса ошол жакка жиберилет. Аймактардагы бала бакчалардын баарына бирдей мониторинг жүргүзүлүп, анын натыйжасында ваучер берүү маселеси чечилүүгө тийиш, — дейт.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер