МЕТОДИСТТЕРДИН ЭМГЕК АКЫСЫ КЕСKИН ЖОГОРУЛАДЫ

  • 27.04.2026
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-мартындагы №121 “Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык маанилүү чечим кабыл алынды. Жарлыкты ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан №286 токтом бекитилди.

МЕТОДИСТТЕРДИН ЭМГЕК АКЫСЫ КЕСKИН ЖОГОРУЛАДЫ

Аталган токтомдун алкагында буга чейин методисттер орточо 15 210 сом айлык акы алышса, жаңы тартипке ылайык 40 сааттык жүктөм менен 53 438 сомго чейин айлык ала башташты. Бул бир нече эсеге жогорулаганын көрсөтүп, алардын эмгеги бааланганын айгинелейт.
Адистердин айтымында, мындай колдоо методикалык кызматкерлердин мотивациясын күчөтүп, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга түздөн-түз таасир этет.

Бурулкан КЕНЖЕБЕКОВА «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер