«МЕНИН КИЧИ МЕКЕНИМ»

  • 17.08.2018
  • 0

«МЕНИН КИЧИ МЕКЕНИМ»

1-сентябрдагы биринчи сабак. I-IV класстар

(Ч.Айтматовдун Шекер айылындагы жашоосун эскерүүлөрдүн негизинде)

Балдар менен алдын-ала болуучу иштөө:

Бул темалар боюнча чакан маалымат даярдоого тапшырма берүү;

  1. Туулуп өскөн шаарымайылымдын азыркы турмушу жана тарыхы;
  2. Кичи Мекенимдин көрүнүктүү инсандары.

Окутуу усулдары: Жекече, кичи топтордо;

Жабдуулар жана сабактын каражаттары:

Сабакка маалымат берүү үчүн даярдалган тексттер;

Иллюстрациялар;

Ч.Айтматовдун портрети;

Шаарымдынайылымдын көрүнүштөрү чагылдырылган фотостенд жана атактуу адамдардын сүрөттөрү;

Ч.Айтматовдун чыгармалары/ иллюстрациялары боюнча китептердин көргөзмөсү

(«Атадан калган туяк», «Ак кеме», «Бугу-эне»).

Сабакка даярданууда мугалим төмөндөгү сайтты колдонсо болот: http://babalarmurasu.tilda.ws/ssheker

 

Сабактын максаты:Жыйынтык көрсөткүчтөрү
Билим берүүчүлүк: окуучулар Ч.Айтматовдун Шекер айылындагы жашоо-турмушу тууралуу текст менен таанышышат.1. Эгерде сабактын акырында окуучулар жазуучунун туулган жерин билишсе;

2.Тексттин мазмунун айтып бере алышса.

Өнүктүрүүчү: окуучулар суроолордун жардамы менен текстке анализ жүргүзө алышат.1. Эгерде акырындап суроолорго жооп бере алышса;

2. Текстке карата өз алдынча суроо койгонду билишсе;

3. Текстке карата өз алдынча жыйынтык чыгарышса;

4. Жеке жана топтордо иштей алышса.

Тарбиялык: окуучулар адамдын турмушунда туулуп өскөн шаарынынайылынын маанисин түшүнүшөт1. Өз шаарыайылы тууралуу айтып бере алышса;

2.Айылышаарынын көрүнүктүү жерлерин жана белгилүү инсандарын аташса.

 

 

Сабактын жүрүшү:

Киришүү:

Мугалим окуучулар менен саламдашып сабактын темасын жарыялайт: «Менин кичи Мекеним». Бүгүн биз өзүбүздүн туулуп өскөн шаарыбызайылыбыз тууралуу аңгемелешебиз, ошондой эле кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун Шекер айылындагы бала чагы тууралуу маалымат алабыз.

Сабакка карата мотивация: (2-3 минут)

— Балдар, биз жай бою жакшы эс алдык, күч топтодук.

— Мектепти, досторубузду сагындыкпы?

— Силер бүгүн сабакта иштегенге даярсыңарбы?

Кимдин бүгүн жаңы жана кызыктуу нерсени билгиси келет?

 

Сабактын максатын маалымдоо: (2мин.)

Кыргызды дүйнөгө тааныткан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Шекер айылындагы бала чагы тууралуу билебиз.

— Өзүбүздүн туулуп өскөн шаарыбызайылыбыздын тарыхы жана азыркы турмушу тууралуу таанышабыз.

— Өзүңөрдүн туулуп өскөн шаарынарайылыңардын эмнесин жакшы көрө турганыңар тууралуу силердин аңгемеңерди угабыз.

Мугалим: (5 мин)

— Менин сабак өтүшүмө алдын ала берилген тапшырмаларды аткарган,  шаарыбызайылыбыз тууралуу маалымат даярдап келген окуучулар жардам берет.

Тапшырмаларды эрте бүтүрүп аткарган балдардын иштери (1-класс үчүң бул 2-3 сүйлөмдөн турган ангеме болушу да мүмкүн)

Туулуп өскөн шаарымайылымдын тарыхы жана азыркы турмушу тууралуу.

«МЕНИН КИЧИ МЕКЕНИМ»

 

МУГАЛИМ: Ч.Т.Айтматовдун бейнесине бет ачар жасайт, балдардан анын чыгармаларын окуганы же чыгармалары боюнча тартылган фильмдерди көргөндүгүн сурайт (2-3 мин)

МУГАЛИМ: Азыр Чыңгыз Айтматов төрөлгөн Шекер айылы тууралуу сүйлөшөбүз.

ОКУУЧУНУН АНГЕМЕСИ: Ч.Айтматов тууралуу даярдалган биографиялык маалымат: (5 мин)

Чынгыз Төрөкулович Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Кыргызстандын Талас областынын Шекер айылында туулган. Ал жерден мектепти бүтүргөндөн кийин, адегенде айыл чарба техникумун, андан кийин институтту, андан соң Жогорку адабият курсун бүтүргөн.

Келечектеги жазуучунун үй-бүлөсүндө эки тилде сүйлөшкөн — кыргыз жана орус тилдеринде, ошол себептүү Айтматов бул эки тилди тең эне тил катары эсептеп, өз чыгармаларын эки тилде жазган.

Айтматовдун чыгармаларынын каармандары-өзгөчө адамдар, сулуу, ак көнүл, сүйкүмдүү, ар дайым чыккынчылыкка жана кара мүртөздүккө каршы күрөшүүгө даяр өзгөчө каармандар.

Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы окуялар жерде да, космосто да, тоолордо жана талааларда, деңизде жана океанда болуп өтөт. Окуялар дүйнөнүн баардык жеринде болуп, ааламда жаман адамдарга караганда жакшы адамдар көп экенин көргөзө алат. Айтматов өз чыгармаларында жакшылык менен жамандык бар экенин, өз мекенине кандай мамиле жасоо керек экенин, дүйнөдөгү адамдар канткенде согушпай турганы, бири -бири менен кантип кызматташа турганы тууралуу көйгөйлүү суроолорду койгон. Бул суроолору тууралуу Айтматов өзүнүн көркөм чыгармаларында  гана жазбастан, Ысык-Көлдө чогулган дүйнөнүн баардык жерлеринен келген атактуу адамдар менен кездешкенде да айтып турган.

Айтматов өз чыгармаларында дүйнө элдерин толкунданткан суроолорду койгондуктан анын чыгармалары 176 тилде которулган, 100 млн. экземпляр тиражы менен басмадан чыккан, көп китептери боюнча фильмдер тартылган, драмалык спектаклдер, балет  коюлган.

Жазуучу өзү сүйгөн Кыргызстан үчүн көп мурас калтырган. Биз бул мурасты сакташыбыз керек.

МУГАЛИМДИН КОШУМЧАСЫ: (3-4 мин.)

Ч.Айтматов жаратылышы өтө кооз жерлерде жашап өткөн. Жаратылыш жазуучунун калыптанышына абдан чоң таасир тийгизген. Шекер айылы – ццбул Айтматовдун чыгармаларынын болуп өткөн жери. Бул жерде чоң атасы Айтматтын тегирмени курулган Күркүрөө дарыясы, Жамийла повестиндеги тегирмен, жазуучу окуган мектеп (анын көрүнүшүн жазуучу кийин «Биринчи мугалим» повестин жазган учурда Дүйшөндүн мектебин сүрөттөгөндө колдонгон).

Чыңгыз Төрөкулович өз жеринин табигатын, өзү чоңоюп өскөн жерин өтө сүйгөн.

Калыптандыруучу сурамжылоо:

Балдар, силер өз шаарыңарайылыңар тууралуу эмнени айтып бере аласыңар? Силер баргыңар келе турган кооз жерлер тууралуу айтып бергилечи.

Балдардын жооптору (5 мин)

МУГАЛИМ АҢГЕМЕЛЕШҮҮНҮ УЛАН-ТАТ: Келечектеги жазуучу чоң энесинин колунда тарбиялангандыктан, ал ага өз Ата Мекенин өз жерин сүйүүгө тарбиялоодо  зор таасир тийгизген. (1,5-2 мин.)

Мен силерге Ч.Т.Айтматовдун чоң энеси тууралуу эскерүүсүн баяндап берейин: «Менин чоң энем өз жеримди сүйүүгө тарбиялаган биринчи адам болгон. Себеби ал эң чоң жомокчу болгон. Көп жомокторду билчү, мага дайыма айтып берүүчү. Кичинемде тоого жетелеп баратканда да жомок айтчу. Ал мезгилде мен 5 жашта болчумун, баардыгы бизди өтө кызыктуу аңгемелешип келе жатат деп ойлошчу. Кызыгы чоң энем көп учурда ал жомокторду менин кайта айтып беришимди суранчу. Бул учур мен үчүн абдан кызыктуу жана жооптуу болоор эле. Бул жомоктордо мен  сюжет, каармандар, образдар, окуялар, татаал чечилиштер бар экендигин байкап, сезчүмүн. Мына ушундай кичинекей жол менен адабиятка алгачкы балалыгыңдан алгачкы чыгармачылык кадам жаратсаң болот. Ал мен үчүн элдик жомоктордун кызыктуу, нукура окуяларынан түзүлдү.

Текстке суроолор: (5-7мин.)

— Чыңгызды чоң энеси эмнеге үйрөттү?

— Эмне үчүң жомоктор кичинекей баланы кызыктыра баштады?

— Сага да жомок айтып беришеби?

— Сага кайсы жомоктор көбүрөөк жагат?

— Жомоктор эмнеге үйрөтөт?

— Кыргыз жомокторунун кайсы баатырына окшогуң келет?  Эмне үчүн?

Ал эми азыр Ч.Айтматовдун айылынан эмнени көрөбүз? (Фото ) (3 мин.)

Шекер айылында сейил бактын ичинде улуу жазуучунун чыгармаларынын каармандарынын айкелдери тургузулган. Айкелдердин автору Тургунбай Садыков Айтматовдун чыгармаларынын эң белгилүү болгон каармандары – Жамийланы, биринчи мугалим Дүйшөндү, Султанмуратты ж.б чагылдырган. Айрым образдар көнүлдү көтөрүп, кубантып же  кээ бирлери терең ойго салат.

МУГАЛИМ: Ал эми силер биздин атактуу жердештерибиз тууралуу билесиңерби?

БАЛДАРДЫН ЖООПТОРУ: (5-7 мин.) (балдар өз шаарынынайылынын атактуу адамдары, өз айылы жана шаарындагы маанилүү окуялар тууралуу айтып беришет)

Сабактын жыйынтыгын чыгаруу: (2-3 мин.)

МУГАЛИМ: Жаңы окуу жылындагы биринчи сабакты аяктап жатып, Кыргызстан – биздин Ата Мекенибиз, ал эми биз жашаган шаарайыл биздин кичи мекенибиз экенин унутпашыбыз керек. Ал өзүнүн табигаты, тарыхы жана адамдары менен кооз. Келгиле табигатты сактайлы, тарыхты эстеп, биздин атактуу адамдарыбыз менен сыймыктанып жүрөлү, аларды эскерип туралы, эстеликтерге аяр мамиле жасаганды үйрөнөлү.

Айтматов эмгекчил адам болгонун эскерип турушубуз керек, ал бала кезинен турмуштун көйгөйлүү учурларын байкай билген, ар нерсеге кызыккан бала болгон. Аны ар дайым улуулардын мергенчилик тууралуу аңгемелери, жаратылыш кубулуштары жана башка бала кезинде уккан көп окуялар анын чыгармаларында орун алган. Анын көптөгөн китептери классикага айланган, мисалы, «Атадан калган туяк», «Ак кеме», «Бугу-эне» жана башкалар кирет.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту

Л.В. Усенко,

мектепке чейинки жана мектептик билим берүү кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент;

Т.А. Асанакунов,

Филологиялык билим берүү кафедрасынын башчысы, п.и.к. доцент

Г.Б. Бейшеналиева,

 мектепке чейинки жана мектептик билим берүү кафедрасынын ага окутуучусу,

Н.А. Масликова,

 мектепке чейинки жана мектептик билим берүү кафедрасынын ага окутуучусу

Бөлүшүү

Комментарийлер