МЕНЧИККЕ УКУКТУ БУЗГАНДАР ЖАЗАСЫ КАТААЛДАНАТ

  • 27.05.2024
  • 0

Интеллектуалдык менчикке болгон укукту бузуп, брендди уруксатсыз пайдалангандарга жаза күчөтүлөт. Мындай мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште экинчи окуудан кароодон өттү.  

Ага ылайык, бренд бир нече жолу мыйзамсыз пайдаланылып, бул аракеттен ири зыян келтирилсе, 100 миң сомдон 1.5 миллион сомго чейин айып пул салынат жана 2 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Бул тууралуу ЕАЭБ курамындагы мамлекеттердин ичинде Интеллектуалдык менчикке болгон укуктарды коргоо жана контрафакт менен күрөшүүгө арналган семинарда айтылды.

МЕНЧИККЕ УКУКТУ БУЗГАНДАР ЖАЗАСЫ КАТААЛДАНАТ

Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирген маалыматка ылайык, иш-чара Евразиялык экономикалык комиссия жана Кыргызпатент тарабынан уюштурулган. Ага өлкөнүн сот, укук коргоо органдарынан, Бажы кызматынан, Монополияга каршы агенттигинен жана Экономика жана коммерция министрлигинен өкүлдөр катышты.

Семинардын катышуучуларынын айтымында, 2022-23-жыл ичинде Кыргызпатентке интеллектуалдык менчикке болгон укуктарды бузуу боюнча 39 арыз келип түшкөн. Алардын негизинде 13 токтом чыгарылып, 117 500 сомго айыппулдар салынган.

МЕНЧИККЕ УКУКТУ БУЗГАНДАР ЖАЗАСЫ КАТААЛДАНАТ

Семинарда Армения, Казакстан, Россиядан келген адистер менен бирге, конктрафакт менен күрөшүүдө келип чыккан көйгөйлөр жана актуалдуу маселелер, тажрыйба алмашуу сунуштары белгиленип, алар менен биргелешип күрөшүү жолдору талкууланды.

Уюштуруучулардын айтымында, мындай иш-чаралар контрафакт менен күрөшүү багытындагы мыйзамдарды талкуулап, артыкчылыктуу багыттарды аныктоого шарт түзүүгө көмөктөшмөкчү.

 

А.Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер