МЕНЧИККЕ КЕТКЕН БАЛА БАКЧА ИМАРАТТАРЫ ҮЧ АЙДА КАЙТАРЫЛАТ

  • 27.02.2023
  • 0

Республика боюнча башка мекеме-уюмдардын менчигине өтүп кеткен 169 бала бакчанын имараты 100 күндүн ичинде кайтарылып берилүүгө тийиш. Бул тууралуу КР Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Билим берүү жана илим министрлигиндеги жолугушууда билдирди.

МЕНЧИККЕ КЕТКЕН БАЛА БАКЧА ИМАРАТТАРЫ ҮЧ АЙДА КАЙТАРЫЛАТ

Статистикалык комитеттин маалыматы боюнча жети жашка чейинки балдардын саны — 1 млн 107 миң 583 бала. Бала бакчалардын саны – 1712. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, 24 пайыз гана бөбөк бала бакчага барат. Менчиктештирүү жылдары 169 бала бакчанын имаратын менчиктештирип алган жеке тараптар бала бакча бойдон сактоого тил кат жазып бергенине карабай, өз профилин өзгөртүп алган.

— Жеке менчикке өтүп кеткен 169 бала бакчаны үч айдын ичинде иликтеп чыгып, баарын өз ордуна коюшубуз керек. Каршылык көрсөткөндөр болсо, күч колдонсок да алып, Билим берүү жана илим министрлигине өткөрүп беребиз, — деди Министрлер Кабинетинин төрагасы.

Ал өз сөзүндө Мамлекеттик мүлк фондусу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан тышкары коомчулук да башка профилде иштеп жаткан бала бакчаларды таап берүүгө жардам берип, сүрөткө тартып, алар тууралуу маалымат берүүсүн өтүндү.

Акылбек Жапаров министрге учурда бир нөөмөттө иштеп жаткан 570 мектепти эки нөөмөткө өткөрүү менен, кошумча дагы 570 бала бакча ачып, андан тышкары, жогоруда айтылган 169 бала бакчаны ишке киргизүү менен жетишпей жаткан бала бакчаларды толуктоону тапшырды.

Кошумчалай кетсек, Бишкек шаарында — 81 мектеп, Ош облусунда – 95 мектеп, Жалал-Абадда – 143 мектеп, Баткенде — 90 мектеп, Ош шаарында – 2 мектеп, Чүйдө — 73 мектеп, Таласта — 6 мектеп, Ысык-Көлдө — 29 мектеп, Нарында — 18 мектеп бир нөөмөттө гана иштейт.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер