“МЕН ЖАНА МЕНИН КИТЕПКАНАМ” СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

  • 15.11.2022
  • 0

Бүгүн, 15-ноябрда “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр Улуттук борборунда “Кыргыз тилин бирге өнүктүрөлү” аталышындагы кыргыз тили мугалимдеринин жана мектеп китепканачыларынын форумунда “Мен жана менин китепканам” мектеп китепканачыларынын ачык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды.

“МЕН ЖАНА МЕНИН КИТЕПКАНАМ” СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

Жеңүүчүлөр:

I орун – Самсалиева Гүльзат Карыбековна (Нарын облусунун Кочкор шаарындагы Кызыл-Дөбө орто мектеби);

II орун – Асангулова Эркайым Амантуровна (Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы М.Жумаев атындагы жалпы орто билим берүү мектеби);

III орун – Кахаров Махмуджан Абдурахманович (Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы  Т. Рустамов атындагы №5 орто мектебинин китепканачысы).

Кызыктыруучу сыйлыктын ээлери:

  • Молдоташева Дилара Сулаймановна (Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы А.Айтпаев атындагы орто мектебинин китепканачысы);
  • Бова Гүльнара Исмаровна (Ысык-Көл районунун Балыкчы шаарындагы  К.Абдылдаев атындагы №3 орто мектеби);
  • Өмүралиева Гүльнара Байжановна (Нарын облусунун Нарын шаарындагы К.Жакыпов атындагы №5 орто мектеби);
  • Жолдошбекова Шарипа Абдикеримовна (Бишкек шаарынын Ленин районундагы №90 толук эмес орто мектеби);
  • Зулпукарова Гүлбара Чормошовна (Ош облусунун Өзгөн районундагы М.Кулуев атындагы орто мектеби).

Белгилей кетсек, Билим берүү жана илим министрлигинин “Жаңы китеп” мекемеси 2022-жылдын 1-августунда Китепканачылар күнүнө карата ачык сынак жарыялаган.

Бөлүшүү

Комментарийлер