«МЕН КЫРГЫЗСТАНДЫК ЭКЕНИМЕ СЫЙМЫКТАНАМ!»

  • 15.03.2023
  • 0

Токмок шаарындагы жана Чүй районундагы чыгармачыл балдардын жана өспүрүмдөрдүн борборунун таланттуу балдарынын катышуусунда “Мен кыргызстандык экениме сыймыктанам!” аттуу фестиваль-конкурс болуп өттү."МЕН КЫРГЫЗСТАНДЫК ЭКЕНИМЕ СЫЙМЫКТАНАМ!"

Ага жети жаштан 17 жаштагы 150гө жакын өнөрлүү балдар “Көркөм чеберчилик”, “Вокал”, “Хореография” жана “Музыкалык аспаптарда ойноо” номинациялары боюнча өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Концерттин аягында эң мыкты аткаргандар аталган конкурстун Чүй облустук этабына катышууга жолдомо алышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер