МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН  АБАЛЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 19.09.2022
  • 0

 

МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН  АБАЛЫ ТАЛКУУЛАНДЫ19-сентябрда КР Жогорку Кеңешиндеги тармактык комитетте мектепке чейинки жана мектептик билим берүү чөйрөсүндөгү иштин абалы талкууга алынды.

Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында депутаттар Кыргыз Республикасындагы мектепке чейинки жана мектептик билим берүү чөйрөсүндөгү иштин абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматын угушту.

Комитет аталган маселе боюнча билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекованын маалымат берди.  Ал өз сөзүндө 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында бала бакчалардын саны 64кө көбөйүп, учурда 1712 бала бакча иштеп жатканын билдирди.

-Мындан тышкары, ата-энелер үчүн да программалар иштелип чыгып, керектүү жумуштар жасалууда. Мектептер үчүн билим берүүнүн жаңы стандарттары киргизилүүдө, — деди министрдин орун басары.

Ошондой эле Надира Жусупбекова Баткендеги кырдаалдан жабыркаган билим берүү жайлары тууралуу да айтып өттү:

-Баткен районундагы сегиз мектеп жана бир бала бакча ар кандай деңгээлде жабыркады. Андыктан аталган мектептерде дароо окуу процессин баштоо мүмкүн эмес. Ал эми Лейлек районундагы чек арага чектеш айылдардагы 26 мектеп менен 30 бала бакчанын иши токтоп турат. Канчасы жабыркаганы такталууда, – деди ал. Муну менен катар Кадамжай районундагы, Сүлүктү шаарындагы билим берүү мекемелерине эвакуацияланган эл жайгаштырылганын белгиледи.

Талкуу маалында депутат Айбек Маткеримов мектептерде баштапкы аскердик даярдоо сабагын окутууга өзгөчө көңүл бурулушу керектигине токтолду.

Өз кезегинде министрдин орун басары 10-11-класстын окуучуларына жумасына эки жолу аскерге чейинки даярдык сабагы өтүлөрүн маалымдап: -Бирок Баткен облусундагы мектептерге аталган сабакты жөнөкөй мугалим эмес, аскер кызматкери өтсө деген сунуш бергенбиз, – деди.

Ал эми депутат Надира Нарматова 12 жылдык билим берүүнүн канчалык зарылчылыгы бар экенин сурап: -Бул ата-энелердин, жергиликтүү билим берүү мекемелеринин сунушубу же кимдер бирөөнүн жекече кызыкчылыгыбы? Анткени, көпчүлүк жолугушууларда тургундар бул демилгени каалабагандыктарын айтышууда,– деди. Муну менен катар билим берүү тармагында жасалып жаткан реформалар боюнча пикирин билдирди.

Бул демилгенин максаты дүйнөлүк билим берүү системасы менен Кыргызстандын билим берүү системасын айкалыштыруу экенин айткан министрдин орун басары: -Анткени, дүйнөнүн 156 өлкөсү 12 жылдык билим берүү моделине өткөн. Ага ылайык, бизде да 12 жылдыкка өтүү боюнча жол картасы белгиленип, керектүү анализдер жүргүзүлүп жатат- деди. Мындан тышкары, депутат Шайлообек Атазов Баш мыйзамда билим берүү бекер деп айтылганы менен мектептерде акча чогултуу токтобой жатканын белгилеп, тармактагы системалашкан коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу зарылчылыгын кошумчалады. Жыйын соңунда берилген маалыматтар боюнча тийиштүү токтом долбоору жактырылды.

(Өз кабарчы)

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер