БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНЕ 91 ЖАҢЫ КЫЗМАТТЫК АВТОУНАА БЕРИЛДИ
- 13.05.2026
- 0
Бүгүн, 13-майда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров демилгелеген долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу билим берүү мекемелерине 91 даана кызматтык автоунааны тапшыруу боюнча салтанаттуу иш-чара өттү.
Иш-чарага Министрлер Кабинетинин төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты.

Белгиленгендей, билим берүү уюмдарынын автоунаа паркы узак убакыттан бери системалуу түрдө жаңыланган эмес. Жаңы автоунаалар аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдү заманбап, үнөмдүү жана ишенимдүү транспорт каражаттары менен камсыздап, аларга жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткарууга шарт түзөт.
Тапшырылган автоунаалар төмөнкү мекемелерге бөлүштүрүлдү:
53 автоунаа — райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө;
10 автоунаа — усулдук борборлорго, билим берүү институттарына жана департаментке;
9 автоунаа — министрликтин ведомстволук мекемелерине;
17 автоунаа — жатак-мектептерге жана мектеп-интернаттарга;
2 автоунаа — Ош жана Чүй облустук психологиялык-медициналык-педагогикалык консультацияларына берилди.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесинин негизинде Мамлекеттик лизинг компаниясы аркылуу лизинг механизми менен LTZ комплектациясындагы Chevrolet Tracker үлгүсүндөгү 91 автоунаа сатылып алынган.
Лизингдик каржылоо механизми автотранспорттук паркты этап-этабы менен жаңыртууга, республикалык бюджетке түшкөн финансылык жүктү тең салмактуу бөлүштүрүүгө жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.
Белгилей кетсек, Chevrolet Tracker автоунаалары ата мекендик ДТ Техник компаниясы тарабынан өндүрүлгөн.





Комментарийлер