МЕКТЕПТЕРДИ ЖАБДУУГА ТЕНДЕР ЖАРЫЯЛАНАТ

  • 19.08.2022
  • 0

Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы мектептерди куруу иштерин улантууда.

Аталган башкармалык Мурас-Ордо жана Алтын-Ордо конуштарындагы курулуп жаткан орто мектептерге, ошондой эле Ак-Бата конушундагы №43 орто мектепке технологиялык жабдууларды сатып алууга тендер жарыялады.

Тендер квалификациялык талаптар менен котировка  ыкмасы менен өткөрүлөт.

Сынактар жөнүндө толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды: www.zakupki.gov.kg

А.АЛИБЕКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер