МЕКТЕПТЕРДИ ТОЛУК КАМСЫЗ КЫЛУУ ҮЧҮН 17 МИЛЛИОНДОН АШУУН ОКУУ КИТЕБИ КЕРЕК

  • 26.08.2024
  • 0

Мектептерди окуу китептери менен толук камсыздоо үчүн 17 миллион 236 миң 466 нускада окуу китеби керек. Бул боюнча жаңы окуу жылына карата окуу китептеринин даярдыгы тууралуу маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев билдирди.

М. Касымалиевдин билдиргенине караганда, кыргыз класстар үчүн – 9 миллион 625 миң 380 нуска, орус класстар үчүн – 6 миллион 716 миң 400, өзбек класстар үчүн – 852 миң 748, тажик класстар үчүн – 41 миң 938 окуу китептери зарыл.

«Алар окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерди кеминде 129 аталыштагы окуу китеби, окутуу өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерди кеминде 147 аталыштагы окуу китеби», — деди министрдин орун басары.

Акыркы эки жылда жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоого республикалык бюджеттен 304 миллион сом каралган.

2023-2024-жылдары жалпысынан 1 миллион 167 миң 935 нускада окуу-методикалык комплекстер даярдалып, “Учкун” ААКнын басмаканасында басылып чыккан. Ошондой эле 2 миллион 238 миң сомго 270 комплект (1 650 том) окуу китептери Брайль ариби менен даярдалып, басылды.

МЕКТЕПТЕРДИ ТОЛУК КАМСЫЗ КЫЛУУ ҮЧҮН 17 МИЛЛИОНДОН АШУУН ОКУУ КИТЕБИ КЕРЕК

МЕКТЕПТЕРДИ ТОЛУК КАМСЫЗ КЫЛУУ ҮЧҮН 17 МИЛЛИОНДОН АШУУН ОКУУ КИТЕБИ КЕРЕК

МЕКТЕПТЕРДИ ТОЛУК КАМСЫЗ КЫЛУУ ҮЧҮН 17 МИЛЛИОНДОН АШУУН ОКУУ КИТЕБИ КЕРЕК

МЕКТЕПТЕРДИ ТОЛУК КАМСЫЗ КЫЛУУ ҮЧҮН 17 МИЛЛИОНДОН АШУУН ОКУУ КИТЕБИ КЕРЕК

МЕКТЕПТЕРДИ ТОЛУК КАМСЫЗ КЫЛУУ ҮЧҮН 17 МИЛЛИОНДОН АШУУН ОКУУ КИТЕБИ КЕРЕК

Эльвира Какиева, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер