МЕКТЕПТЕРДЕ “АКЫРКЫ КОҢГУРОО” 25-МАЙДА ЖАҢЫРАТ

  • 25.04.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги быйыл республиканын жалпы билим берүү уюмдарында “Акыркы коңгуроо” салтанаты 25-майда саат 9да өтө тургандыгын маалымдайт.

МЕКТЕПТЕРДЕ “АКЫРКЫ КОҢГУРОО” 25-МАЙДА ЖАҢЫРАТ

Республиканын менчигинин түрүнө карабастан жалпы билим берүү уюмдарынын директорлоруна салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө ар кандай каражаттарды чогултууга, ошондой эле бүтүрүүчүлөргө жана алардын ата-энелерине “Акыркы коңгуроо” салтанатынан сырткары иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат.

“Акыркы коңгуроо” салтанаттуу иш-чарасын өткөрүүдөгү коопсуздук чараларын камсыз кылуу жоопкерчилиги билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт.

Бишкек, Ош шаардык билим берүү башкармалыктарынын жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери төмөндөгүлөрдү аткарууга тийиш:

— райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан күнү-түнү күзөт уюштуруу;

— билим берүү уюмдарынын аймагынан тышкары өткөрүлгөн салтанаттуу иш- чараларда окуучулардын өмүрүнүн коопсуздугуна ата-энелер жооптуу экени тууралуу чогулуштарды өткөрүү.

Эскертүү! Буйрукту аткарбаган билим берүү уюмдарынын жетекчилерине кызмат орундарынан бошотууга чейинки тартиптик чаралар көрүлөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер