Бишкекте глобалдык форум ишин баштады

  • 11.06.2024
  • 0

Бишкекте “Мектептер 2030” глобалдык үчүнчү форум ишин баштады.

Форумга Кения Республикасынын билим берүү министринин орун басары Саломе Майна жана ондон ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышууда.

Үч күнгө созула турган форумдун башкы темасы —  мугалимдердин климаттын өзгөрүшүнө каршы туруктуу өнүгүүдөгү ролун күчөтүү.  Эл аралык контексттин алкагында үч орчундуу маселе каралат: окутуу процессинин натыйжалуулугун жогорулатуу, окутуу чөйрөсүн жакшыртуу жана билим берүү системаларын өнүктүрүү.

«Климаттык өзгөрүүгө туруктуу болуунун мааниси Кыргызстан үчүн абдан актуалдуу», — дейт «Мектептер 2030» программасынын улуттук координатору Марлен Алишев.

“Ушуну эске алып, 2021-жылы “Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана климаттык өзгөрүүгө туруктуулукту жогорулатуу” жөнүндө Кыргыз Республикасынын президентинин Жарлыгы жарыяланган. Ага  ылайык, биз алдыдагы форумду биздин милдеттердин алкагында намыстуу өткөрүп жатабыз. Андан сырткары, биз Кыргызстандын билим берүү системасынын 100 жылдыгын белгилеп жаткандыктан, бул форум бакубат келечекти курууда жана климаттык өзгөрүүгө каршы күрөштө биздин билим берүүнүн күчүн арттырып, активдүү аракеттерге умтулуп жатканыбызды көрсөтөт”.

Форумга мугалимдер, мектеп жетекчилери, жаштар, жарандык коом өкүлдөрү, эл аралык уюмдар, донорлор жана мамлекеттик мекемелер менен өнөктөштөр катышууда.

Бишкекте глобалдык форум ишин баштады

“Биздин балдарды глобалдык климаттык өзгөрүүлөргө даяр кылуунун мааниси абдан чоң”, — деди Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов.

Бишкекте глобалдык форум ишин баштады

”Мен бул форум мугалимдердин лидерлигине арналып жатканына абдан кубанычтамын. Биздин балдарды климаттык өзгөрүүлөрдөн келип чыккан кыйынчылыктарга даяр болууга ушул лидер мугалимдер даярдайт”.

Бишкекте глобалдык форум ишин баштады

«Мектептер 2030» – бул он өлкөдөгү 1000 билим берүү уюму менен иштеген глобалдык программа. Программа коомдун өнүгүүсүн колдогон балдардын билимин жана көндүмдөрүн калыптандыруудагы мыкты практикаларды жана чечимдерди аныктоого жана жайылтууга көмөктөшөт.

«Билим берүү системасы оор кечүүлөрдү башынан өткөрүп, ийгиликтерди багындырып жаткан 100 жылдык мааракени өткөрүүнүн алдында жолугуп отурабыз. Бүгүнкү күндө жаратылышты жок кылсак, адам да жок болот. Адам жаратылыш жок жашай албайт. Акыркы мезгилде жаратылышка жырткычтык менен мамиле жасагандар көбөйүп кетти. Бүгүнкү глобалдык форумдун башкы максаты – дүйнөдөгү мугалимдердин климаттын өзгөрүшүнө балдарды татыктуу тарбиялоо жана алардын жашыл көндүмдөрүн калыптандыруу, экологияны сактоо жана коргоо, алардын баалуулугун алдыга чыгаруу, ансыз жашай албагандыгын далилдөө. Ошондой эле, эң негизгиси, балдарды дүйнөдө болуп жаткан экологиялык катастрофалардын өзөктүү проблемаларын билгенге, аларды талдаганга жана чечим кабыл алганга, сактаганга үйрөтүү», — деди министр Догдуркүл Кендирбаева.

Министр форумдун катышуучуларын “Биз болбосок балдарды жашоо көндүмдөргө ким тарбиялайт? Азыр тарбиялабасак, качан тарбиялайбыз?” деген девиздин алдында иштөөгө чакырып, Кыргызстандын билим берүү системасы башка өлкөлөрдүн эң бай тажрыйбаларын өздүк аянтчага алып каларына ишенем деп кошумчалады.

“Мугалимдерге теория менен практиканын ортосундагы ажырымды жоюуга мүмкүнчүлүк берүү — климаттын өзгөрүш шартында натыйжалуу билим берүү үчүн өтө маанилүү. Мугалимдерге окуучулардын билим алуудагы муктаждыктарына жараша ыңгайлашкан окуу процессти биргелешип иштеп чыгуу жана инновацияларды киргизүү үчүн «Мектептер–2030» программасынын үч этаптуу модели класс деңгээлинде натыйжалуу өзгөрүүлөрдү камсыз кылат”, — дейт глобалдык изилдөө программасынын жетекчиси Бронвен Матрас.

«Бишкекте глобалдык форум ишин баштады

“Мектептер–2030” программасы боюнча улуттук форум өткөн жылы декабрда Бишкекте өткөн.«Климаттын өзгөрүшүнө каршы туруктуулукту камсыздоодогу мугалимдердин лидерлиги, планетабыздын туруктуу келечегин куруу үчүн системалуу ыкмаларды жана билим берүүнү трансформациялоо азыркы күндөгү негизги глобалдык чакырыктардан келип чыгууда. Бул дүйөлүк алкактагы эң актуалдуу маселе. Биздин президентибиз көтөрүп жаткан «Жашыл мурас» демилгеси да бул максатка шайкеш келет»,-деди «Мектептер 2030» глобалдык форумун өткөрүү боюнча улуттук консультант Токтобүбү  Ашымбаева.

Бишкекте глобалдык форум ишин баштады

«Мектептер 20230″ глобалдык форуму билим берүү тармагындагы кызыкдар тараптарды, эл аралык уюмдарды, мугалимдерди, өнөктөштөрдү, донорлорду, министрликтерди, райондук, областтык түзүмдөрдү бириктирүүчү аянтча. Туруктуу өнүктүрүүнүн төртүнчү максаты болгон сапаттуу билим берүүгө жетишүү үчүн бүт дүйнө боюнча билим берүү натыйжаларын жакшыртуу, окутуунун сапатын жакшыртуу, билим берүү системаларын бекемдөөнү көздөгөн иш чара».

Биринчи глобалдык форум 2022-жылы Танзанияда өткөн. Экинчи глобалдык форум Португалияда болгон. Анын башкы темасы инклюзивдүү билим берүү жөнүндө болгон. Ал форумда кийинки кезек Кыргызстанга өткөн. Кыргызстан өз кезегинде эстафетаны Кенияга өткөрүп берет.

Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин мугалими Миргүл Эсенгулова Бишкектеги глобалдык форумга делегат болуп катышып жатат. Ал жыл башында өткөн улуттук форумга да катышкан болчу.

Бишкекте глобалдык форум ишин баштады«Окуучулардын билимдерин, көндүмдөрүн калыптандырууда мыкты педагогикалык практикаларды жайылтуу, азыркы күндөгү билим берүү жаатында жана глобалдык көйгөй болгон климаттык өзгөрүүлөр боюнча ачык жана конструктивдүү диалог аянтчасын түзүү азыркы учурдагы эң маанилүү маселе болуп турат»,-дейт Миргүл Эсенгулова.

«Лидерликти өнүктүрүү биздин Кыргызстандын эгемендик өнүгүү шартында курч турган маселе. Мектептерде лидерлерди кантип өстүрөбүз деген маселеге келгенде, эң биринчи мугалим өзү лидерлик сапаттарга ээ болушу керек, ошондо гана ал окуучуларын ошондой сапатка тарбиялай алат. Мен ушундай моделди сунуштагым келет. Бул үчүн мугалимдерде лидерлик сапаттарды өстүрүүгө багытталган стратегия кабыл алынышы керек, мазмундук жагынан тийиштүү программалар түзүлүшү керек».

«Мектептер 2030» глобалдык кыймылынын максаты —  окуучуларды өзүнүн өлкөсүндө жана коомунда пайдалуу жана өсүп өнүккөн мүчө болуу үчүн зарыл болгон билим, көндүмдөр, көз караштар жана нарк-дөөлөт менен куралдандыруу. Бул максатка жетүүдө биринчи кезекте мугалимге өзгөчө көңүл бурулат: лидер катары, билим берүү реформасынын эң башкы фигурасы катары мугалимдердин ролун таануу жана күчөтүү. Ошондуктан мугалим ар бир өлкөдө өзүнүн лидерлик сапаттарын өнүктүрүп, коомдоргу жаңылануу жана өзгөрүү процесстеринин авангардында болушу керек.

Бишкекте глобалдык форум ишин баштады«МУГАЛИМ ЭДУ» уюмунун директору Айсулуу Жамангулова  мугалимдин лидерлик төмөнкү маанилүү сапаттарын жана жөндөмдөрүн белгилейт.

«Эң биринчи жана эң негизгиси, албетте, профессионалдык компетенттүүлүк – алар өз предмети боюнча терең билимге ээ болушу керек жана дайыма кесиптик өсүүгө умтулушу керек.

Экинчи нерсе, менимче абдан маанилүү, эмпатия жана эмоционалдык интеллект. Мугалимдер колдоочу жана дем берүүчү окуу чөйрөсүн түзүү үчүн окуучулардын эмоционалдык жана социалдык муктаждыктарын түшүнүп, ошого карата бала менен иш алып барганды билсе — бул соонун сапат.

Тез өзгөрүп жаткан чөйрөдө мугалимдерге эле эмес, бирок өзгөчө мугалимдерге маанилүү сапат — бул ийкемдүүлүк жана адаптациялүүлүк. Өзгөрүлүп жаткан шарттарга жана талаптарга көнгөндө гана билим берүү процессине жаңы методдорду жана технологияларды киргизе алат.

Албетте, мугалимдин ишине чыгармачылык менен мамиле кылуу жана өз ишине кызыктуу ыкмаларды колдоно билүүсү абдан маанилүү. Бирок ошол эле учурда мугалимде уюштуруучулук жөндөм да болушу керек. Окуу процессин эффективдүү пландаштырып, уюштура билүү, убакытты жана ресурстарды башкаруу».

Аталган эксперттин пикиринде, мугалимдин сапаттары маанилүү экенин белгилөө менен катар, ата-энелердин таасирин да, жоопкерчилигин да унутпашыбыз керек.

«Биздин өлкөдө мугалимдер да, ата-энелер да өз иш-аракеттери жана чечимдери үчүн жоопкерчиликти сезиши керек. Мугалимдерибиз, ата-энелерибиз алар тарбиялап жаткан балдардын келечегине канчалык таасирин тийгизерин түшүнүшсө, балким, биздин келечегибиз башкача, жаркын болот».

Эльвира Какиева

Бөлүшүү

Комментарийлер