МЕКТЕПТЕР 1-КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫНА ЭШИКТЕРИН АЧТЫ

  • 01.09.2020
  • 0

Пандемия учурунда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу жаңы окуу жылында 1-класстар үчүн гана мектептердин эшиги ачылып, салттуу режимде билим ала баштайт. Алардын саны — 156 миң 430 окуучу. Калган класстар үчүн Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан дистанттык форматта билим берүү уюштурулат.

МЕКТЕПТЕР 1-КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫНА ЭШИКТЕРИН АЧТЫ

Салтка ылайык “Билим күнүндө”  биринчи класска жана жогорку, орто, башталгыч кеси птик окуу жайларынын биринчи курска кирип жаткандар үчүн жаңы жашоонун башталышы катары абдан маанилүү жана эсте калаарлык күн болуп саналчу. Тилекке каршы, дүйнө жүзүндө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу 1-класстан сырткаркылардын бапары аралыктан Билим күнүн белгилегенге туура келип отурат.

МЕКТЕПТЕР 1-КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫНА ЭШИКТЕРИН АЧТЫ

  • Эгерде биринчи чейректен кийин эпидемиологиялык абал жакшырса, мектептер ишмердүүлүгүн толук кандуу ишке ашыра алат, — деп билдирген өкмөт башчы Кубатбек Боронов.

1-класстарды окутууда тиешелүү санитардык эрежелерди сактоо боюнча Билим берүү жана илим министрлиги Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте мектептер үчүн алгоритм иштеп чыгышкан.

Ошонун негизинде эгерде класста окуучулардын саны көп болсо, алар эки топко бөлүштүрүлүп жана шахматтык тартипте отургузулат, мектептерде бардык санитардык нормалар сакталат.

Г.А., “КБ”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер