МЕКТЕПТЕН ТЫШКАРЫ УБАКТА ОКУУЧУЛАРДЫН КООПСУЗДУГУНА АТА-ЭНЕЛЕР ЖООПТУУ

  • 17.05.2024
  • 0

МЕКТЕПТЕН ТЫШКАРЫ УБАКТА ОКУУЧУЛАРДЫН КООПСУЗДУГУНА АТА-ЭНЕЛЕР ЖООПТУУБаткен районунун жана Баткен шаарынын аймагында жалпы билим берүу уюмдарында 2024-2025-жылкы окуу жылын аяктоо жана  акыркы коңгуроо , бүтүрүу салтанаттуу кече иш-чараларын өткөрүү убагында мектеп окуучуларынын коопсуздугун сактоо максатында атайын жыйын болуп өттү.

Бул тууралуу Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Олжобай Мажилимов билдирди.

 Анын айтымында, «Акыркы коңгуроо» салтанатын уюшкандыкта өткөрүү боюнча КР Билим берүү жана илим министринин буйругу чыгарылган. Ага ылайык, район акиминин жана билим берүү бөлүмүнүн буйруктары чыгарылып, аймактардагы билим берүү мекемелерине5 аткаруу үчүн жиберилген. Буйрукта белгиленгендей, бүтүрүүчүлөргө табиятта эс алуу, кортеждерди уюштуруу, мектептерде мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салынып, мектептен тышкары балдардын коопсуздугуна көзөмөл жүргүзүүгө ата-энелер жооптуу экендиги милдеттендирилди, -деди Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Олжобай Мажилимов.

Жыйын Баткен районунун акиминин орун басары Кишимжан Кыдырованын жетекчилиги астында өткөрүлдү. Ага райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, райондун аймагындагы билим берүү мекемелеринин, тийиштүү мекеме ишканалардын жетекчилери жана ата-энелер катышты.

Жыйында райМЕКТЕПТЕН ТЫШКАРЫ УБАКТА ОКУУЧУЛАРДЫН КООПСУЗДУГУНА АТА-ЭНЕЛЕР ЖООПТУУондогу жалпы билим берүү мекемелеринде окуу жылынын аягындагы “Акыркы коңгуроо” салтанаттарынын өткөрүлүшү жана салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүдө мектеп окуучуларынын коопсуздугу талкууланды.

Жыйындын жүрүшүндө район акиминин орун басары Кишимжан Кыдырова жакында Сузак районунда өткөрүлгөн Манас айтуу иш чарасында орун алган кырсык туурасында айтып, окуу жылын ийгиликтүү аяктап алууга чакырды. Ошондой эле мектеп окуучуларынын ата-энелерине окуучулардын өз алдынча эс алууга чыгууга уруксат жок экендигине токтолуп, окуу эмес, майрам күндөрү окуучулардын өмүрүнүн коопсуздугуна ата-энелер жооптуу экендиги боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

Жыйындын соңунда жетекчилерге тапшырмалар берилип, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

МЕКТЕПТЕН ТЫШКАРЫ УБАКТА ОКУУЧУЛАРДЫН КООПСУЗДУГУНА АТА-ЭНЕЛЕР ЖООПТУУБелгилей кетсек, район аймагында жалпы 54 билим берүү мекемелери бар. Анда жалпы окуу жылынын аягында 11-классты 803, 9-классты 1407 бүтүрүүчү аяктап жатат. 11-класстардын ичинен 14-майда 22 окуучу алтын тамга аттестатына сынак тапшырышты. 803 бүтүрүүчүнүн ичинен 557 бүтүрүүчү жалпы республикалык тестирлөөгө каттоодон өтүшкөн.  Бул жалпы бүтүрүүчүлөрдүн ичинен 68 пайызды камтыйт. Алар 22-майдан 24-майга чейин жалпы республикалык тестирлөөгө катышат.

Баткен шаарында дагы коопсуздукка басым жасалат

МЕКТЕПТЕН ТЫШКАРЫ УБАКТА ОКУУЧУЛАРДЫН КООПСУЗДУГУНА АТА-ЭНЕЛЕР ЖООПТУУОшондой эле  Баткен шаарында жалпы шаардагы орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн ата-энелери үчүн жыйын болуп өттү.

Ага Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, Баткен районунун жана шаарынын прокурору Нурбек Курманакунов, Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Турдубай Саматов, Баткен шаарынын имам-хатиби Сайдахмат Аппазов, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Курсан Турдубаев, мектеп директорлору, мугалимдер жана ата-энелер катышты.

, МЕКТЕПТЕН ТЫШКАРЫ УБАКТА ОКУУЧУЛАРДЫН КООПСУЗДУГУНА АТА-ЭНЕЛЕР ЖООПТУУ ,Жыйындын максаты-акыркы коңгуроо салтанатын өткөрүүдөгү мектеп окуучуларынын коопсуздугу болду.

Иш чарада эрте никеге туруунун кесепеттери, үй бүлөдөгү зордук-зомбулуктун алдын алуу, бала тарбиясы, акыркы коңгуроо салтанатын өткөрүүдөгү мектеп окуучуларынын коопсуздугу тууралуу маселелер каралды.

Жыйындын жүрүшүндө бүтүрүүчүлөргө кесипке багыт берүү максатында БатМУ тарабынан даярдалган абитуриенттерди кабыл алуу боюнча жарнамалык тасма көрсөтүлдү

Белгилей кетсек, быйылкы 2023-2024-окуу жылында Баткен шаарында 9-классты 649,  11-классты 346 окуучу аяктайт.

 Кычан, “Кут Билим”

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер