КОШУМЧА БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫ: ЗАМАНБАП МЕНЕДЖМЕНТКЕ ӨТҮҮНҮН УБАГЫ
- 19.02.2020
- 0
Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков биринчи жолу мектептен тышкаркы кошумча билим берүү (мындан ары МТКББУ) мекемелеринин жетекчилери менен жолугуп, алардын ишин жакшыртуу боюнча бекем талаптарды коюп, аны аткарууга үч ай мөөнөт койду. Кеп биринчи кезекте ыкшоолуктан арылуу, системалуу иш алып баруу, көзөмөл жүргузүү, заманбап менеджментти киргизүү жөнүндө болуп жатат. Азыркы убакта кошумча билим берүү уюмдарына барган балдар жалпы окуучулардын жети гана пайызын түзөт. 2023-жылга карата бул көрсөткүчтү 30% жеткирүү керек.
“Коомдо үнү угулбайт”
— Эмне үчүн мен мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен жолугушууну чечтим, себеби ушул тармактын коомдо үнү угулбайт, — деп баштады сѳзүн Каныбек Исаков.
Министр “Балажан”, “Сейтек”, “Алтын түйүн” сыяктуу Бишкектеги борборлордун ишин ырааттуу алгылыктуу деп атап, алардан ѳрнѳк алууга чакырды. Маселен, “Балажанда” окуган беш миңден ашык бала бар, дагы кезекте тургандар бар экенине токтолуп, башка мекемелерде эмне үчүн ушундай иш жок болуп жатканын сындады. Системалуу иш, көзөмөл, координация жок экенин айтып, 90% мекемеде заманбап менеджмент жетишпегенин баса белгиледи.
Кошумча билим берүү уюмдарынын абалына анализ
Министрдин айтымында, 2014-жылы 133 уюмда 79795 тарбиялануучу болсо, 2016-жылы 57530 балага кыскарган, себеби 59 спорттук уюм спорт комитетине өтүп кеткен. 2019-жылы 74 уюмда 66192 бала катталган.
«Эмне үчүн бул цифраларга токтолуп жатам. Анткени биз балдардын санына жараша кызматкерлердин абалын карап чыгышыбыз керек. 2019-жылы МТКББУдагы багыттар боюнча ийримдердин санын карап көрсөк, 422 музыкалык, 452 сүрөт, кол өнөрчүлүк багытында, 311 билим берүүчү, 103 спорттук, 113 экологиялык, 102 техникалык, 228 ар түрдүү багыттагы ийримдер бар. Балдардын кызыгуусу кайсы тарапка көп баратканын ушул сандардан көрсөк болот. Мугалимдердин иштеп жаткандарынын саны 1876, анын ичинен 28,50% эркектер, 71,50 аялдар түзөт. Мугалимдердин жаш курагы боюнча дагы 138 – 18-25 жаш курагындагылар, 851 – 26-45 жаштагылар, 707 – 46-60 жаштагылар болсо, 187 – 61 жаштан жогору. Жаш курагы боюнча дагы бизди ойлондура турган маселелер бар. Жогорку билимдүүлөр басымдуу кылат, бул жакшы көрүнүш. Чоң проблема — иштеп жаткан мугалимдердин 23% гана билимдерин өркүндөтүп жатат. 76% мугалимдер билимин жогорулаткан эмес. Андыктан отурган жетекчилер ар бириңер анализ кылгыла ишиңерге. Ар бир үч айда биз ар бириңерден отчет алабыз. Жылыш болуп атабы, же баягы эле көптүн бириби? Балдарды колдоо, коргоо – биздин башкы вазийпабыз», — деди өз сөзүндө министр мырза.
Жетишкендиктер
Албетте, министр кошумча билим берүү уюмдарынын ишиндеги жетишкендиктерди да атабай койгон жок:
«Балдардын эл аралык сынактарда, фестивалдарда жараткан ийгиликтери 62 % га көбөйдү. Жыл санап Түркия, Индия, Казакстан, Россия ж.б. мамлекеттерде өтүүчү сынактардын катышуучулары жана жеңүүчүлөрү болгон балдардын саны өсүүдө; компеттентүүлүктүн негизинде иштелген окуу пландары жана программалары иштелип чыкты, көркөм-эстетикалык багыттагы окуу-тарбия иштерин уюштуруу боюнча 17 окуу-усулдук колдонмо басылып чыгарылды, республикалык мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун курстарынын программасына көркөм сүрөт, кол өнөрчүлүк мугалимдери, ал эми 2018-жылы хореография мугалимдери, усулчулар, директорлор, директорлордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары үчүн курстар киргизилди. Бул багытта кайра даярдоо курстарын ачышты».
Жетекчи менеджерлер керек
Өлкөбүздө балдарга мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнүн жаңы Типтүү жобосун иштеп чыгуу керек экени айтылды. Мугалим-кадрлардын жана менеджерлердин жетишсиздиги, ал үчүн борборлордун жетекчилеринин баары менеджер болушу керек деген сунуш болду.
«Чыгармачыл, өнүккөн инсанды калыптандырууда кошумча билим берүүнүн ролун жана маанилүүлүгүн түшүнүүнүн чабалдыгы, мектептен тышкаркы билим берүүгө республикадагы окуучулардын 7,8 % гана тартылганы, ийримдердин, студиялардын, көркөм-эстетикалык секциялар тармагын өнүктүрүү боюнча республикалык жана аймактык программаларынын жоктугу, балдарды жана өспүрүмдөрдү кошумча билим берүүгө тартуунун механизмдеринин чабалдыгы, айыл жериндеги балдардын түрдүү багыттагы ийримдерге катышуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу, мектептен тышкаркы уюмдарда квалификациялуу педагогикалык кадрлардын (музыканттар, сүрөтчүлөр, бийчилер ж.б. өз тармагынын мыкты адистери болуп эсептелишкени менен, базалык педагогикалык билимге ээ болбогондуктан, билим жана тарбия берүү ишмердигинин сапатын төмөндөтүүгө алып келет) жетишсиздиги, материалдык-техникалык базанын начардыгы, төмөнкү ресурстук жана каржылык камсыздоо, эмерек, компьютер жана оргтехниканын, интернеттин, көрсөтмө куралдардын жоктугу баарыбызды ойлонтот жана бул жаатта жетекчилер изденип иштеши зарыл, — деди министр.
«Балдарды иренжиткен уюмдар»
Министрдин айтуусу боюнча, балдарды чыгармачылык өнүктүрүү менен камтуу аркылуу аймактарда маданий-билим берүү чөйрөсүн түзүүгө салым кошуу керек. Балдар сүйүнүп, суктанып келген борборго айланышы керек экенин айтты.
«Балдарды өзүнө тартпай, тескерисинче, аларды иренжиткен уюмдарга айланып калган. Баланын баалуулук багыттарын калыптандыруу, руханий-адептик тарбия берүү, баланы коомго аралаштыруу; коомго жат процесстерге каршы аракет жасоо: баңгичилик, өз жанын кыйуу, компьютердик оюндарга азгырылуу ж.б. маселелер күн тартибинде турат. Заманбап дүйнөдө баланын атаандыштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыздашыбыз керек. Кыргызстанда тарбия маселеси унутта калды. Ата-энеге болгон урмат-сыйы, кайрымдуулук, боорукердик, мекенчилдик, патриоттук сезимдер жок. Борборлордо ушул жаатта көп иш-аракеттер болушу керек», — деп баса белгиледи.
Биринчи кезектеги чаралар
Каныбек Исаков кошумча (көркөм-эстетикалык, техникалык ж.б.) билим берүүнү коомдун өнүгүүсү үчүн зарыл тармак катары мамиле кылууну мамлекеттик деңгээлде калыптандыруу, аймактык жана республикалык денгээлде социалдык өнөктөштүктү, ведомство аралык координациялык пландарды жана программаларды түзүү зарылдыгын билдирди.
«Өлкөнүн жалпы билим берүү системасында мектептен тышкаркы кошумча билим берүү ишмердигинин укуктук статусун жана ченемдик базасын жакшыртуу; кошумча билим жана тарбия берүүнүн учурдагы системасын сактоо жана өнүктүрүү; кошумча билим берүүнүн программалык-усулдук камсыздоосун, мазмунун, формаларын жана ыкмаларын мыкты ата-мекендик жана дүйнөлүк жетишкендиктерди эске алуу менен үзгүлтүксүз жаңылап туруу керек. Балдарга жана жаштарга көркөм-эстетикалык билим жана тарбия берүүдө мектептен тышкаркы уюмдардын ролун күчөтүү маселелери алдыбызда турат».
2022-жылга кошумча билим берүү программасы боюнча окуган 5 жаштан 18 жашка чейинки балдардын санын 30%га жогорулатуу, республиканын жогорку жана атайын орто билим берүү тутумунда мектептен тышкаркы кошумча билим берүү үчүн кадрларды даярдоону камсыздоо жөнүндө талап коюлду.
Маданияттуу мамиле
Ачык-айкындуулукту камсыз кылуучу системдүү иш-чараларды түзүү, коомго таза жана ачык маалымат берип туруу керек экенин айтты. Ошондой эле арыздарды, сунуштарды, сын-пикирлерди түздөн-түз кабыл алууга жетишүү, кызматкерлердин жарандар жана коомчулук менен маданияттуу мамиле жасоосуна жетишүү, аларга жардам көрсөтүүгө жана кызматташууга дилгир болууга министр чакырды.
«Эми биз чараларды көрөбүз. Кечээ жакында бир ректорго сөгүш бердим. Анткени бир дагы студентти кабыл албайт экен. Төрт райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларына сөгүш бердим. Бешөөнү иштен алдык. Кээ бир адамдар 15-20 жыл бир жерде олтурат, эч нерсе кылбай. Элдерге маданияттуу мамиле кылгыла. Министрликти жек көрсөткөндөрдү жок кылышыбыз керек. Элдин эсебинен акча жегендерге каршымын. Адамча мамиле кылгыла. Окутуучулар – окуучуларга, директорлор – жамаатка, мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдары – аймактагы билим берүү системасына», — деди Каныбек Исаков.
Фишка жана аура
Министр санарипке өзгөчө маани берүүгө чакырды. Каалоо менен чечиле турган маселелер бар экенине токтолуп, окуу имараттарын көрктөндүрүү, эстетикалык кооздугуна жана ички жасалганышына көңүл бурууну эскертти. Эл аралык байланышты күчөтүп, заман талап кылган ийримдерди ачуу аракетин көрүү, электрондук башкаруу, билим берүү менеджменти тууралуу курстарды ачуу тапшырмасын берди.
«Жакшы жерге балдар чуркап келишет. Мисалы, Бишкектеги №69 мектепте балдардын саны көп. Анткени ал мектептин фишкасы “Устат-шакирт” долбоорунун киргизилиши. Ал мектепке балдар жок дегенде комуз үйрөнгөнү барат. Билим берүү уюмдары балдарды өзүнө тартып турган аурасы, күчү, даремети болушу керек», — деди министр.
Жолугушуунун аягында иш-чаранын катышуучулары министрге штатты кеңейтүү, эс алууга чыккан күндөрдү узартуу, завучтун эмгек акысын көбөйтүү үчүн бир ставкага которуу боюнча суроолорду узатып, материалдык-техникалык базаны чыңдоого, имаратты ремонттоого жардам берүүнү өтүнүштү.
Жолугушуудан кийинки ойлор
Назира Айыпова, Нарын облустук балдардын билим берүү борборунун директору, Нарын облусу боюнча кошумча билим берүү уюмдарынын координатору:
— Министр менен жолугушканыбызда көптөгөн талкуулар болду. Балдарды колдоо жылына карата көп иштерди жасап, максаттарга жетишибиз керек экен. Албетте, бул биздин системадагы иштерде, эң биринчиден, бул мугалимдердин компетенттүүлүгү. Мугалим эмнени билген болсо, ошол билимин, иш тажрыйбасын өзүнүн жумушунда алып жүрүүсү керек. Бүгүнкү жыйында бардык балдарды кошумча билим берүү тармагына көбүрөөк тартыш керек экени айтылды. Мисалы, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга атайын топ түзүп, аларды бардык жагынан өнүктүрүп, өстүрүүгө министр чакырды. Бизге дагы үч ай берди, аягында ишибиздин жыйынтыгын далилдеп беришибиз керек. Балдардын санын тактоо, канча бала мигранттын балдары, канча бала мүмкүнчүлүгү чектелгендер, канчасы ийримдерге тартылып атат, балдардын социалдык абалы кандай экени боюнча реестр түзмөк болдук. Жолугушуудан мен көп таасир алдым. Министрибиз абдан жөнөкөйлүгү, бизге түшүнүктүү тилде маалымат берип келгендиги бизге жеткиликтүү болду. Баарыбызга жоопкерчилик дагы жүктөлдү. Жөн эле кызмат ордун ээлебестен, ар бир жетекчи менеджмент болуш керек, кайсы бир өнөктөштөрдү таап, иштерди алдыга жүргүзүш керек экени айтылды. Быйылкы жылда биздин алдыбызга көбүрөөк маданий-массалык иш-чараларды өткөрүп, кароо-сынак, фестивалдарга балдарды тартуу керек деген жакшы максаттарды койду.
Гүлжан Бердимуратова, Жалал-Абад облусуна караштуу Каракөл шаарынын балдар чыгармачылык уюмунун директору:
— Министр менен болгон жолугушуу чоң таасир калтырды. Министр бизге чоң чакырык таштады. “Иштегиле, үч айдан кийин отчетуңарды алам”, — деп. Бул абдан туура, себеби министрдин айткандарында чындык бар. Иштебей эле айлык алып отурган адамдар бардыр. Каракөл шаары — чакан шаар. Балдар ийримдерге жакшы тартылат. Учурда миңден ашык окуучу бар. Эң чоң көйгөй — мекеме көйгөйү. Штаттарды ачалбаган маселелер бар. Биздин балдар чыгармачылык борбору жогорку деңгээлге көтөрүлгөнүн коомчулук айтып жатат. Биздин балдар дүйнөлүк аренага чыгып жатышат. Биринчи жылы 15 алтын медаль алып келген болсок, 2019-жылы 26 алтын медаль алып келдик.
Наталья Рогова, №8 Балдардын жана өспүрүмдөрдүн чыгармачылык борбору, Ысык-Көл облусу:
— Мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарына жогору жактан маани бурулганы бизди кубандырып жатат. Жашоодогу эң башкы маани – тарбия, адамгерчилик. Балдарыбыз жакшы таалим-тарбия алганына министр басым жасады. Жакшы тарбия алгандар – келечек үмүтүбүз. Тарбия – маданияттуу технолог, маданияттуу профессор, жетекчи ж.б.у.с. Жолугушууда биз көп маалыматтарды алдык. Биринчиден, мотивация болду, экинчиден, республиканын булуң-буочунан келген кесиптештерибиз менен тажрыйба алмашканга үлгүрдүк. Бул жолугушуу барыбыздын башыбызды бириктирди. Эми баарыбыздын максатыбыз, милдетибиз бир болуп калды.
Туратбек Иманбеков, Ак-Суу балдар билим борборунун завучу:
— Көптөгөн жаңылыктарды алдым. Буюрса, алгылыктуу иштерди алып барабыз. Министр менен жолукканда биздин тармакта көп көйгөйлөр бар экенин сездик. Алдыга койгон максаттарды ишке ашырабыз. Бизге болгон көз карашы жакшы экен. Алдыга иш жылат деген ойдомун. Министрдин берген жолдомолорун аткарабыз.
Даярдагандар Гүлнара Алыбаева, Кут Билим”,
Акылбек Орозматов, ББжИМнын маалымат-катчысы.
Комментарийлер