МЕКТЕПТЕГИ ПСИХОЛОГ — МОДА ЭМЕС, ТАЛАП

  • 13.10.2026
Кыргызстандын бардык аймактарындагы мектептер психологдор менен камсыз болот. КР Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтомунун негизинде өлкөнүн мектептеринде балдарга психологиялык колдоо көрсөтүү максатында штаттык бирдиктерди киргизүү иштери башталды. Агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекованын айтымында, эгерде буга чейин Бишкек шаарынын мектептеринде гана жергиликтүү бюджеттин эсебинен психологдор иштеп келсе, эми бул тажрыйба республика боюнча жайылтылууда. Министрдин орун басары ошондой эле адистерге коюлуучу квалификациялык талаптар иштелип чыгып, психологдорду даярдоо үчүн онлайн жана офлайн окутуу программалары уюштурулганын, үстүбүздөгү жылдын 25-октябрына чейин канча мектепте психолог иштеп жатканына мониторинг жүргүзүлөөрүн маалымдады.

Чүй облусунун Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турум Сатарбаева учурда райондогу эки мамлекеттик мектепте, эки жеке менчик мектепте психолог адиси кабыл алынып иштей баштаганын билдирди.

— Райондогу 29 билим берүү мекемесинде жалпысынан алганда 926 педагог эмгектенет. Ал эми Кара-Балта шаарында 36 билим берүү мекемеси бар. Анын ичинде 16 орто мектеп, үч жеке менчик мектеп бар. Ошол жеке менчик мектептин экөө психолог адиси менен камсыз болду. Биз психолог адистерин кызматка кылдат тандап алышыбыз керек деп эсептейм. Адатта үй-бүлөсүндө же жакын чөйрөсүндө көйгөйлөрү бар адамдар психологдун кеп-кеңешине муктаж болот. Андыктан биз өтө астейдил болушубуз керек, — дейт Турум Абдыкаимовна.

Ооба, адис тандоодо өтө этияттык талап кылынат. Азыркы эки колу, мээси тургай “тишине” чейин санариптешкен альфа муунуна өзгөчө мамиле керектигине мугалимдер да, ата-энелер да ынанышууда. Аларды улууларга караганда жаш адистер жакшы түшүнүп, алар менен бир тилде сүйлөй алары да бекеринен эмес чыгар.

Жаш адис Мээрим Одесова Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы №117 мектепте психолог болуп иштей баштаганына аз гана убакыт болду. Ал 2015-жылы мектепти аяктагандан кийин баш калаабыздагы БМУнун социалдык-психология факультетинен билим алган. Учурда ошол эле психология багыты боюнча 2-курстун магистранты.

— Психологияны кокусунан тандаган жокмун. Мени ар дайым адамдын ички дүйнөсү кызыктырып келет. Ал эми мектеп – бул билим гана алуучу жай эмес, инсан калыптанган, мамилелер өнүккөн, алгачкы олуттуу сезимдер, коркуулар, шектенүүлөр пайда болгон мейкиндик. Мектеп — башталгыч психолог үчүн эң сонун пайдубал. Менин жумушум жаңы гана башталып жаткандыктан, балдар менен иштөө сырларын дагы-дагы тереңдеп окуп-үйрөнүүдөмүн. Балдар менен иштөөдө биринчи эмнеге көңүл буруу керек? Өз ишимде биринчи кезекте баланын эмоционалдык жыргалчылыгына, анын психологиялык коопсуздугуна жана жеке өзгөчөлүктөрүнө басым жасайм. Мен үчүн жүрүм-турумдагы же окуудагы кыйынчылыктарды байкап калуу гана эмес, алардын артында эмне турганын түшүнүү да маанилүү: бала кандай сезимдерди башынан кечирип жатат, аны эмне тынчсыздандырат, ага эмне жетишпей жатат жана кандай колдоо зарыл.

Жеке эле психологдор эмес, жалпы эле мугалимдер бала өз ойлорун, эмоцияларын соттоп-сыноодон коркпой, ачык айта ала турган ишенимдүү атмосфера түзүүгө өзгөчө көңүл бурушу керек деп ойлойм. Мен баланын сырткы жүрүм-турумунун артынан анын инсандыгын, муктаждыктарын, күчтүү жактарын жана ички ресурстарын көрүүгө аракет кылам. Психолог катары ишимдин маанилүү багыттары катары балдардын мектеп чөйрөсүнө көнүүсү, баарлашуу көндүмдөрүн өнүктүрүү, эмоционалдык интеллектти калыптандыруу, буллингдин жана чыр-чатактардын алдын алуу, ошондой эле өзүнө болгон баааны жана ишенимди колдоо керектигин белгилейм.

Ар бир бала өзүн мектеп жамаатынын бир бөлүгү катары сезиши, өз көйгөйлөрү менен жалгыз эмес экенин жана жардам сурап кайрыла ала турган чоң киши бар экенин билиши маанилүү, — дейт жаш адис.

Мээрим сыяктуу жаш психолог Айдай Кеңешбекова былтыр КУУнун социалдык-гуманитардык факультетинин клиникалык психология адистиги боюнча билим алган. Ал үй-бүлөсүндөгү жагдайлар анын ушул кесипти тандоосуна түрткү болгонун айтат.

— Мен Ысык-Ата районунун Люксембург айылындагы Я.Ваккер атындагы мектепте психолог болуп иштеп жатканыма бир айдын жүзү болду. Бирок балдар менен иштөө тажрыйбам мурдараак башталган десем да болот. Университетте окуп жүргөндө №1 интернат-гимназияда жана кыздар интернатында өткөн практикам мага өзгөчө таасир калтырган. Жашоодо ар бир баланын үй-бүлөсүндөгү абалы эч убакта унутулбайт экен. Жеке өзүмдү алсам деле үйдө агам, анан атам ооруп калганы, ошол кездеги абалдары мени көп ойлондурар эле. Адамдын физикалык саламаттыгы менен психологиялык абалынын ортосундагы байланышты, оор кырдаалда эмоционалдык колдоонун маанисин абдан жакшы түшүнгөм. Ошол окуялар менин психологияга кызыгуумду күчөтүп, келечектеги кесибимди тандоого чоң таасир эткен…

Ал эми эң жакын адамы — ата-эне мээримин көрбөй өсүп келаткан балдар-кыздар эс тарткандан баштап турмуштун оор сыноосуна кабылып, турмуштан сынганы сынып деле калат тура. Эгерде ошол кезде алардын жанында акыл-насаат айтып колдоп-сүрөгөн адамы болсо кандай жакшы. Мен ошол кезде айрыкча кыздардын ички дүйнөсүнө үңүлүп, алардын сезимдерин түшүнүүгө, ар бирине өзгөчө көңүл бурууга жана колдон келишинче колдоо көрсөтүүнү абдан кааладым. Алардын ар биринин өзүнө гана таандык окуясы, үмүтү жана жүрөгүндө айтылбай калган ойлору болушу мүмкүн экенин түшүндүм. Кээде балага кеңеш берүү эмес, аны угуп, түшүнгөн адамдын жанында болушу маанилүү. Бул тажрыйба менин кесибиме болгон көз карашымды дагы тереңдетти. Психолог болуу — ар бир көйгөйгө даяр жооп табуу эмес, адамга өзүн түшүнүүгө жана кыйынчылыктарын жеңүүгө жардам берүү экенин сездим, — дейт Айдай.

Мектептеги ар бир ишин окуучуларды жакшыраак таанууга, алардын өзгөчөлүктөрүн түшүнүүгө жана ишенимдүү мамиле түзүүгө аракет кылып жатканын айткан ал, бул иште мугалимдер жамааты менен менен да кызматташа билүүнүн маанилүү экендигин белгиледи.

— Мектепте ар кандай кыйынчылыктарга туш болгон балдар кездешет. Айрымдары өзүнө ишенбейт, кээ бирлери теңтуштары менен тил табышууда кыйналат, башкалары эмоцияларын билдире албай же окуудагы кыйынчылыктардан улам тынчсызданышы мүмкүн. Мындай учурларда баланын жүрүм-турумуна гана көңүл бурбастан, анын абалына таасир эткен себептерди түшүнүүгө аракет кылуу зарыл. Менин оюмча, мектеп психологунун негизги милдеттеринин бири — окуучуга өзүн коопсуз сезе турган чөйрө түзүү. Бала өзүнүн оюн эркин айтып, суроолорун берип, жардам сурагандан коркпошу керек. Бул иште мугалимдер жана мектеп жамааты менен кызматташуу да маанилүү. Биздин максатыбыз бир болгондуктан, ар бирибиз баланын билим алуусуна, өнүгүүсүнө жана өз мүмкүнчүлүктөрүн ачышына көмөктөшүбүз керек. Баланын көйгөйү чоңдорго майда көрүнүшү мүмкүн, бирок ал үчүн өтө маанилүү болушу ыктымал. Ошондуктан анын сезимдерин жокко чыгарбай, көйгөйүнө олуттуу мамиле кылуу керек.

Албетте, мектеп психологу бардык маселени жалгыз чече албайт. Айрым кырдаалдарда ата-энелердин, мугалимдердин жана башка адистердин жардамы зарыл. Эң башкысы, баланы көйгөйү менен жалгыз калтырбоо жана ага жардам алуу жолдорун көрсөтүү. Мен эмгек жолумдун башында турам. Алдыда үйрөнө турган нерселерим, топтой турган тажрыйбам көп. Мен ар бир баланын жан дүйнөсүн түшүнүүгө аракет кылган, ишенимине татыктуу жана зарыл учурда жанында болгон адис болгум келет, — дейт Айдай Кеңешбекова.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү