ЗАЛКАР МАНАСЧЫ УРКАШ МАМБЕТАЛИЕВДИН БЮСТУ АЧЫЛДЫ

  • 13.10.2026

Бүгүн Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында III даражадагы «Манас» орденинин ээси, Кыргыз Республикасынын эл артисти, манасчы жана акын Уркаш Мамбеталиевдин бюстунун салтанаттуу ачылыш аземи өттү. ЗАЛКАР МАНАСЧЫ УРКАШ МАМБЕТАЛИЕВДИН БЮСТУ АЧЫЛДЫ

Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Табылды Муратбеков, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин кеңешчиси М. Букуев, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Дайырбеков, Кыргыз Республикасынын эл артисти К. Ниязов, эл жазуучусу А. Джакшылыков жана залкар манасчынын кызы Г. Мамбеталиева катышты. Аземде сөз сүйлөгөн министрдин орун басары Айбек Дайырбеков Уркаш Мамбеталиевдин улуттук маданиятты өнүктүрүүгө жана манасчылык өнөрдү даңазалоого кошкон зор салымын баса белгиледи.

Уркаш Мамбеталиев 1934-жылы 8-мартта Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылында төрөлгөн. 1962-жылдан тартып Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында манасчы болуп эмгектенип, 44 жылдык чыгармачылык өмүрүн кыргыз элинин руханий мурасын жайылтууга арнаган. Ал «Манас» эпосун жана элдик дастандарды чебер аткаруу менен бирге, бир катар ыр жыйнактарын да жараткан. Анын эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып, Кыргыз Республикасынын эл артисти ардактуу наамы жана III даражадагы «Манас» ордени ыйгарылган. ЗАЛКАР МАНАСЧЫ УРКАШ МАМБЕТАЛИЕВДИН БЮСТУ АЧЫЛДЫ

Белгилей кетсек, манасчынын бюстун скульптор Тамила Маматова жасаган. Бул эстеликтин ачылышы залкар инсандын элесин урматтоонун жана улуттук руханий мурасты даңазалоонун жаркын белгиси болуп саналат. Анын бюсту Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясындагы залкар инсандардын айкелдеринин катарын толуктап, келечек муундарга манасчынын кыргыз маданиятына кошкон өлчөөсүз салымын жана бай чыгармачылык мурасын дайыма эскертип турмакчы.

Бөлүшүү