МЕКТЕПТЕГИ ИШЕМБИЛИК
- 31.03.2022
- 0
Лейлек районунун Ак-Суу айыл өкмөтүнө караштуу «Алга» орто мектебинде мугалимдер жана техникалык кызматкерлер ишембиликке жигердүү катышты.
Мөмөлүү дарактардын жана 15 түп арчанын көчөттөрүн отургузушту.
Бак-дарактарды актоо, арыктарды тазалоо жумуштары аткарылды.
Мына ошентип, иш билги директор Акмал Пирматовдун эмгек жамааты
көрктөндүрүү иштерин илгерилетти.
Тайир Аширбай, Ак-Суу айылы
Бөлүшүү
Комментарийлер