МЕКТЕПТЕГИ БИЙ МАЙРАМЫ
- 11.02.2022
- 0
Аксы районундагы «Билимкана» мектебинде бий майрамы уюштурулду.
Анда окуучулар бийдин түрлөрү боюнча сынакка катышып, бий аянтчасында өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулашты. Жаш бийчилердин жылмайган жүздөрү, ийкемдүү кыймылдары, жарашыктуу кийимдери иш-чарага катышкан ата-энелер менен конокторго жагымдуу маанай тартуулады. Эң негизгиси, алар бий менен дос болуп, ал аркылуу өздөрүн шайдоот, ийкемдүү, сулуу болууга жана ден соолугун чыңдоого багытташты.
Мындай иш-чаралар ар түрдүү темада жана формада такай өткөрүп туруу бул жамаатта адатка айланган. Мектеп партасынан жаш муундардын ар тараптан билим, тарбия алуусу, көп өнөргө үйрөнүүсү учурдун негизги талабы экенин мындагы тарбиячылар жакшы билишет.
Узен Атаканов, Аксы району
Бөлүшүү
Комментарийлер