МЕКТЕПТЕ АКЧА ЧОГУЛТКАНДАРГА АЙЫП ПУЛ САЛЫНАТ

  • 30.03.2023
  • 0

«Билим берүү жөнүндө» мыйзамына, «Укук бузуулар жөнүндө» кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Министрлик билим берүү мекемелеринде мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салууну сунуштоодо.

МЕКТЕПТЕ АКЧА ЧОГУЛТКАНДАРГА АЙЫП ПУЛ САЛЫНАТ

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, мыйзам долбоору билим берүү уюмдарынын окуучуларынын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо үчүн иштелип чыккан.

Мамлекеттик жана акысыз билим алуу укугун бузгандыгы же мыйзамсыз чектөөсү, ошондой эле билим берүү уюмдарынын окуучуларынын укуктарын жана эркиндиктерин бузгандыгы же мыйзамсыз чектөөсү же бул укуктарды жана эркиндиктерди ишке ашыруунун белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн жеке адамдарга жана кызмат адамдарына 150 эсептик көрсөткүчтүн (15 миң сом), юридикалык жактарга — 300 эсептик көрсөткүчтүн (30 миң сом) өлчөмүндө айып салуу сунушталууда.

Баланы электрондук кезек системасы аркылуу бала бакчага кабыл алуудан негизсиз баш тарткандыгы үчүн жеке жактарга 175 эсептик көрсөткүчтүн (17500 сом), кызмат адамдарына 200 эсептик көрсөткүчтүн (20000 сом) өлчөмүндө айып салуу сунушталууда.

Электрондук эсепке алуу системасы аркылуу кезек келгенден кийин 6-7 жашка чейинки мектеп жашына жеткен баланы мектепке кабыл алуудан негизсиз баш тарткандыгы үчүн жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүчтүн (15 миң сом), кызмат адамдарына — 200 эсептик көрсөткүч (20 миң сом) өлчөмүндө айып салынат.

Долбоордун тексти жана талкуу үчүн формасы менен кененирээк сайттан тааныша аласыздар. — http://koomtalkuu.gov.kg/ru/view-npa/2483

Талкуу ушул жылдын 26-апрелине чейин жүргүзүлөт.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер