Мектепке каттонун экинчи этабы башталды

  • 02.06.2025
  • 0

2-июнда электрондук каттоонун экинчи этабы башталды, мында ата-энелер мурда сунушталган мектептен баш тартып, баласына башка мектеп тандай алышат. Бирок биринчи күнү эле ашыкча жүк болуп, каттоонун платформасында үзгүлтүк болгон учурлар байкалууда. Ошого карабай, мектепке каттоо процесси токтобой, активдүү жүрүүдө.

2025-жылдын 2-июнунан 15-августуна чейин башка мектептерди (микроучастоктон тышкары) тандап, бош орундар бар болсо, баланы кабыл алууга мүмкүнчүлүк ачылат.

Бул үчүн ата-эне/мыйзамдуу өкүл төмөнкү кадамдарды жасашы керек:

1) Системаны ачуу үчүн ата-эне же мыйзамдуу өкүл төмөнкү «Түндүк», MegaPay, МБанк жана МойО!+Банк мобилдик тиркемелерине кирет же болбосо 1mektep.edu.gov.kg порталында баланы каттаса болот;

2) «Мектепке электрондук каттоо» бөлүмүнө өтүп, анда нике (ЗАГС) каттоосу боюнча балдары көрсөтүлөт;

3) Мектепке каттоо үчүн мектеп жашына жеткен баланы тандайт;

4) Областты, районду/шаарды тандайт;

5) Көрсөтүлгөн мектептердин тизмесинен бош орундар бар болгон бир мектепти тандап алат;

6) Мектеп тарабынан сунушталган окуу тилдерин тандайт;

7) «Каттоо» баскычын басат;

8) Каттоо ийгиликтүү өтүп, «Катталды» деген статус пайда болот;

9) Жакынкы мөөнөттө, 4-августтан 5-сентябрга чейин, бала 1- же 2-класска кабыл алынганы тууралуу билдирүү келип, ата-эне/мыйзамдуу өкүл тиешелүү документтерди мектепке тапшырышы керек.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер