МЕКТЕПКЕ КАБЫЛ АЛУУ: 66 МИҢДЕН АШЫК БАЛА БИРИНЧИ КЛАССКА КАТТАЛДЫ

  • 14.05.2026
  • 0

66,8 миңден ашык бала биринчи класска катталды. Мындай маалымат 1mektep.edu.gov.kg порталындагы ачык маалыматтарда камтылган.

МЕКТЕПКЕ КАБЫЛ АЛУУ: 66 МИҢДЕН АШЫК БАЛА БИРИНЧИ КЛАССКА КАТТАЛДЫ

 

 

Ал эми Бишкек шаарында 9,8 миң бала окууга кирди. Алардын ичинен: 4,2 миңи кыргыз тилинде окутуучу класстарга; 5,6 миңден ашыгы орус тилинде окутуучу класстарга кабыл алынды.

Учурда борбор калаада 16,6 миң бош орун калууда.

2026/27-окуу жылына карата жалпы квоталардын саны — 192,3 миңди түзөт. Азырынча 125 миң орун бош турат.

Белгилей кетсек, республиканын түштүгүндө өзбек жана тажик тилдеринде окутуучу класстарга да кабыл алуу жүрүп жатат.

Биринчи класска электрондук каттоо 1-апрелде башталган. Учурда 2019- жана 2020-жылы туулган балдар катталууда.

Биринчи этапта ата-энесинин биринин (мыйзамдуу өкүлүнүн) тиешелүү мектептин микроучастогу боюнча туруктуу каттоосу бар балдар кабыл алынат.

Экинчи этап (жашаган жерине карабастан каттоо) 1-июндан тарта башталат.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер