МЕКТЕПКЕ ЭЛЕКТРОНДУК КАТТАЛУУ БАШТАЛДЫ

  • 19.02.2020
  • 0

Бүгүн Билим берүү жана илим министрлигинде келерки окуу жылына мектепке электрондук катталуу тутумунун кайрадан иштей баштагандыгы жөнүндө кабарланды. Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова, БИМ мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Кусеинова, Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Чынара Исакова жана электрондук каттоо долбоорунун адиси Азамат Абдыраев катышкан пресс-конференцияда бул программанын өзгөчөлүктөрү жана айрым маселелери жөнүндө сөз болду.

МЕКТЕПКЕ ЭЛЕКТРОНДУК КАТТАЛУУ БАШТАЛДЫ

Мамлекеттик жана муниципалдык мектептерге, биринчи класска балдарды электрондук каттоо тутуму былтыр пилоттук негизде, эки баскыч менен иштеп, биринчисинде микроучасткалар боюнча, экинчисинде андан тышкары каттоо жүргүзүлгөн эле. 2020-жылы 15-февралда кайрадан башталган электрондук каттоо бир гана баскыч менен жүзөгө ашырылат да, 15-августта аяктайт.  Демек, ата-энелер балдарын микроучастка боюнча да, башка каалаган мектепке да ушул каттай беришсе болот. Быйыл пилоттук программа кыйла кеӊейтилип, Ош, Жалал-Абад, Кара-Балта, Токмок, Кызыл-Кыя шаарларынын, ошондой эле Ош облусундагы Кара-Суу районунун мектептерине да жайылтылды. Элдин көчүп-конушуна байланыштуу балдарды мектептерге жаӊы окуу жылына эле эмес, жүрүп жаткан окуу жылына да каттоого жол берилет.

МЕКТЕПКЕ ЭЛЕКТРОНДУК КАТТАЛУУ БАШТАЛДЫ

Бишкектеги мектептерде, айрыкча статустууларында орундар дагы эле жетишсиз. Бир класста 50дөй окуучу отурган учурлар көп. Ушундай шартта балдарын каттоого ата-энелер шашылып, айрым мектептерде квота эмитен эле толуп калгандыгы ойлондурат: үч күн ичинде эле Бишкектин мектептерине 3072 бала катталыптыр. Жыйында шаар мектептериндеги кыргыз класстардын мүмкүнчүлүгүн кеӊейтүү аркылуу да жагдайды жеӊилдетүүгө болот деген ой айтылды. (Албетте, бул жакшы идея, бирок муну ар тараптан жетик пландап, уюштуруучулук, кадрлык, усулдук жана материалдык-техникалык жактан шарт түзүү менен гана жүзөгө ашырууга болорун айта кетели. Биз өз сунуштарыбызды министрликке беребиз, сиз да, окурман, акыл кошуӊуз. Редакция.)

МЕКТЕПКЕ ЭЛЕКТРОНДУК КАТТАЛУУ БАШТАЛДЫ

Электрондук каттоо программасынын иштеп чыгуучуларынын бири Азамат Абдыраев бул тутуму өркүндөтүлүп жатканын айтып берди. Мисалы, жакында бала тууралуу катталган маалыматтарды ата-энелер өздөрүнүн сайттагы кабинетинен эле оӊдоп-түзөй алышат. Мурда бул үчүн билим берүү башкармалыгына арыз жазып убара чегип келишкен эле.

Албетте, иштей баштаганына эми гана бир жыл болгон тутумдун бир катар кыйынчылыктары бар. Мисалы, 1) мектептерде балдардын өтө көп болуп калгандыгы; 2) миграциянын айынан баланын жашаган жери жөнүндөгү стандарттуу, так маалымкатты мамкаттоодон эмес, жергиликтүү башкаруу органдарынан, болгондо да бирдей үлгүдө эмес, чаржайыт берилип жаткандыгы, мында коррупцияга жол берилери; 3) шаарлардагы даректердин жетиштүү такталбагандыгы; 4) мектептердин микроучасткалары боюнча маалыматтардын толук эместиги.

Ырас, сайттын өзүндө да кемчиликтер бар. Мисалы, шашылыш байланыш телефондору деп мектеп дерктирлеринин номурлары көрсөтүлүп калган. Бул жана башка мүчүлүштүктөр бара-бара жоюла берет дешет программаны иштеп чыгуучулар.

 

Ж. Турдубаев

 

Бөлүшүү

Комментарийлер